ВИДЕО - Дүйнөдө сыдырмага окшошкон кеме курулду
Дүйнө жүзүндө  |   |  719

Күнүмдүк буюмдардан илхам алган япон сүрөтчүсү Ясухиро Сузуки 9 метрлик кемени күрмөнүн зыдырмасынын түрүндөй жасады.

Адаттан тыш дизайн идеясы ага Токио булуңунун үстүнөн учуп баратканда пайда болгон: ал төмөндү көздөй карап, кемелер жылып баратканда толкундар күрмөнүн зыдырмасы ачылып жаткандай элес калтырганын байкаган. 

Сүрөтчү көргөн образды реалдуулукка киргизип, кичинекей прототиптен 9 метрлик кеме курган. Анын корпусу хром менен капталып, артка бүктөлө турган көпүрө жана чатыры бар.

 

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями