www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таанылбаган Тоолуу Карабах республикасы акырындан тынч жашоого кайтып келе жатат. Коомдук транспорттун иши жанданып, дүкөндөр ачылды. Бул тууралуу видеону "Sputnik@ агенттиги бөлүштү.
Аймакта азык-түлүк жетиштүү. Жол кыймылы жанданып, турак үйлөрдү электр кубаты жана суу менен камсыздоо иштери калыбына келүүдө. Жергиликтүү адистерге жардам көрсөтүү үчүн РФ ӨКМинин кызматкерлери келди. Алар кагылышуу учурунда жабыр тарткан объектилерди жана инфраструктураны калыбына келтирүүгө жардам бермекчи. Тургундарга россиялык тынчтык орнотуучулар да колдоо көрсөтүп жатышат. Жолдорду минадан тазалап, аймакка көз салып, үйлөрүнө кайтып жаткан качкындардын колоннасын коштоп келүүдө.
Россия Тоолуу Карабахтын жашоочуларына кантип жардам берип жатканын биздин видеодон көрүүгө болот.
Булак: NazarNews.kg