www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызнефтегаз» ишканасы менен «Кыргыз темир жолу» ишканасы Орусияга өтө турган болуп калды окшойт. 2019- жылдын январынан тарта эле «Кыргызнефтегаз» жана «Кыргыз темир жолу» ишканасын Орусияга берүү аракеттери күчүнө кирип, тиешелүү иш кагаздарына кол коюулар жүрүп жатты. Путиндин иш сапары убагында Орусия менен көп багыттар боюнча Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбековдун ортосунда кызматташуу деген документтерге кол коюлду. Бул жерде чындап эле кызматташуу маселеси каралганбы, же стратегиялык ишканаларды Орусия өзүнүн менчигине өткөрүп алууну көздөйбү?  Түпкүлүгүндө, ачык акционердик коом кылып, Орусиянын менчигине өткөрүп коюшат. Эмки бийликтин максаты: эки ишкананы Орусиянын карамагына өткөзүү сыяктуу. Ишкананын башка зор өлкөгө менчикке өтүп кетүүсү болуп жүргөн эле окуя. АКШ далай мамлекетти сатып алып марионетка кылып алган? Биздикилер тийе турган «үлүштөрүн» ойлоп, өз ишканаларыбызды 30 млн доллар берем деген Орусияга бере баштадык окшойт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости