www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге 10-июлда ИИМдин тергөө кызматынан экинчи ирет кайсы бир кылмыш ишине күбө катары сурак берүүгө чакыруу келип түшкөн. Бирок, бул жолу дагы ал суракка баруудан баш тартты. Эске сала кетсек, ага биринчи чакыруу 8-июлда келген. Анда да баш тарткан эле.
Атамбаевдин адвокаты Слесарев «Кол тийбестиги бар адамды суракка чакыруу менен алар мыйзамды бузуп жатышат» деп маалымат булактарынын бирине билдиргени да белгилүү болду. Бирок, АШАнын «экс-президент» деген статусу жана кол тийбестиги 27-июнда Жогорку Кеңештин токтому менен алынып салынганын коомчулук жакшы билет.
Эгерде ал өзүнүн таза экенине, эч кандай мыйзамсыз иштерди жасабаганына ишенсе, анда ал суракка баруудан коркпойт эле. Жөн гана күбө катары баруудан коркуп жаткан ал айыпталуучу катары чакырылса, анда хансарайынын жертөлөсүнөн чыкпай калат окшойт.
Атамбаевге го Хатамбаев, тиги мыйзамды билген Сергейге эмне болду же жуктубу? Эшек минип алып "жоо-оооок, бул төө" дейт го.
Булак: NazarNews.kg