www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сагынбек Абдырахманов Көк-Жар айылдык депутат болуп жүргөндө 7-апрель чыга калбаспы, ага чейин жашынып жүргөн “коенбай”, 7-апрелден соң Атамбаевге таянып арстанга айланды. “Атакеси” мурдунан жетелеп депутат кылды, Чүйгө губернатор кылды, “Кыргызалтынды” жалмалатты. Сагынбек Абдырахманов жыргаткан депутат, губернатор боло алган жок. Кайсы жерге Атамбаев тыгып койсо, ошол жерди бүлгүнгө учуратты. Акыры аны алтынга тоюп алсын деп “Кыргызалтынга” алып келсе, бул жерде да “Макмалалтынды” майдай чайнады. Кемин районунун Орловка айылындагы Талды-Булак Сол Жээк кенинде жайгашкан “Алтынкен” комбинаты курулуп бүтсө да биз өзүбүз чайкатабыз деп 30 миллион доллар алган, бул акчанын изи ошол бойдон сууду. Кенди болсо Кара-Балтада, Казакстанда иштетип келет.

СДПК Атамбаевге да, Абдырахмановго да тиешеси жок. Анткени, бул партияны 1993-жылы Жумабек Ибраимов, Амангелди Муралиев, Абдыганы Эркебаевдер түзүп, биринчи штаб башчысы ал кездеги “балапан” саясатчы Акылбек Жапаров болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости