www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Эгер Украинанын башында кожоюндардын кызыкчылыгын көздөгөндөр эмес, улуттук кызыкчылыкты жетекчиликке алгандар турганда, Россия менен эбак макулдашып алмак. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин билдирди.

Ал Өзбекстанга жасаган сапарынын жыйынтыгы боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди.

"Эгерде Украинаны Европадагы же океандын ары жагындагы кожоюндарынын кызыкчылыгы эмес, улуттук кызыкчылыктарды жетекчиликке алган адамдар башкарганда эбак тил табышып алмакпыз", — деди Путин.

Ал ошондой эле Россия Украина боюнча сүйлөшүү процессин улантууга даяр экенин, бирок аларга кандай сунуштар берилери белгисиз экенин кошумчалады.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости