www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зеленскийдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ушул жылдын 20-майында бүткөн.

 Россия Владимир Зеленскийдин легитимдүүлүгү токтоду деп эсептейт. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Россия — Беларусь сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан маалымат жыйында айтканын РИА Новости жазды.

"Албетте, азыркы мамлекет башчысынын легитимдүүлүгү токтогон деп өзүбүзгө отчёт беребиз", — деген Путин.

Президент Россия Украина менен сүйлөшүүнү улантууга даяр экенин, бирок ага жетишилген макулдашуулардын негизинде гана кайтуу мүмкүн экенин белгиледи. Анын айтымында, сүйлөшүүлөр жандангандан кийин Россия документтерге ким кол коёрун билиши керек.

Зеленскийдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ушул жылдын 20-майында бүткөн. Украинада бул жылы өтө турган президенттик шайлоону аскердик кырдаал жана жалпы мобилизацияны себеп кылып токтотушкан. Зеленский учурда шайлоо өткөрө турган учур эмес деп билдирген.

 

Булак: NazarNews.kg 

 

 

 

 

Последние новости