www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргыз жолу" коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев, мамлекеттик мүлктү талап -тоноону токтотуу, каражатты туура жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштарын айтты.

1) Мамлекеттик мүлктү Кыргызстан боюнча инвентарициядан өткөрүү зарыл.

2) Майлуу жерде бир канча жылдан бери иштешкен мамлекеттик чиновниктердин мүлкүн териштирүү, тинтүү аркылуу ачыктык киргизип,ашыкча дүйнөсүн улутташтыруу керек.

3) Алардан түшкөн каражатты бир эсеп-чотко топтоп, же "Эл банкын" ачуу жагын да карап көрсө болот. (Анткени, Дач Суу боюнча атайын эсепке топтолгон акчалардын да аягы жок болуп чыкпадыбы) Калыс, адилет адамдардан Коомдук көзөмөл комиссия түзулүп, күн сайын элге маалымат берүү, сырткы карызды төлөөгө, жумуш орундарын ачууга артыкчылык берүү маселелери адилет чечилиши керек.

4)Казынага кол салгандарга өлүм жазасы киргизилиши керек болуп калды. Эл бул жолу бир көтөрүлсө селге айланат, эч кимди аябайт! "Элдин акысын жебе", "Атаңа наалат келтиребе" - деген кыргыз! Элдин эсебинен жашап, жонунан кайыш тилгенди токтоткула!

Булак:NazarNews.kg

Последние новости