www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурда: - Шыбырашты, ойлору жаман окшойт, бийлик басып алуу ниети бар экен, Атамбаевди сындап жатат деген негиздер, жалган жалаалар менен камакка алуулар эбегейсиз көп болгон. Кылмыш иши аныктала электе желкелеп барып камап, Атамбаев болсо, жыйындарга соттордон мурда эле "ууру-коррупционер" ал тургай жыттап көргөнсүп "сасыктар", "аларды камаш керек!",- деп бүтүм чыгарып салчу. Андай ишаараты менен ал сотторго ачык эле көрсөтмө берчү.

Азыр: - Уурдады, тоноду, колго түштү, кармалды, мамлекетке акчалай чыгым алып келди деген себептер менен камакка алуулар, кылмыш козгоолор болуп жатат. Президент бир да жолу кимдир бирөөнүн атын атап, жытына мурдун чүйрүй элек. Болгону "коррупция менен күрөштө досума да, тууганыма дагы карабайм",-деп айтты. Иш жүрүп жатат, кылмыш иштери ачылып, тийиштүү органдар алектенүүдө. Айырмасы, президент соттордон мурда чечим чыгарып, "ууру, тоногуч, сасык" деп айткан жок. Бары өз убагында, мыйзам чегинде баа берилет.

Мындай жүрүм туруму менен президент соттордун ишине кийлигишпей турганын көрсөттү. Дагы бир маселе жөнүндө оюмду айткым келди. Биз, мурдагы президентти "соттордун ишине аралашты",-деп күнөөлөп келгенбиз. Азыр, кээ бирлерибиз, "баланчаны актатпаса, анда Жээнбеков деле Атамбаевдин жолун жолдойт!",-деп жатабыз. Мындай талап менен кайра эле президентти соттордун ишине кийлигишүүсүнө жол ачып жатпайбызбы?.. Жок, туугандар. Ал, эч кимдин сот ишине аралашпаганы үчүн Атамбаевге окшошпойт. Биз, сот ишине президент аралашкан адилетсиздик болгон убакытты өткөрдүк го.  Ошондуктан, президентти "аны чыгар, муну бошот, сотторго айт, актатып бер!",-деген талаптар туура эмес.  Көз карандысыз сот бийлиги сөзсүз түрдө адилеттүү чечим чыгарат. Жакшы күндөр дагы жылмаят, баары жакшы болот!

Дайырбек Орунбековдун Фейсбук баракчасынан алынды

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости