www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда балдар майрамы башталды

Жалал-Абад шаарында 1-июнда белгиленүүчү Балдардын коргоонун эл аралык күнүн майрамдоо, балдар үчүн ар кандай иш-чараларды өткөрүү бүгүнтөн эле башталды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Ал эми эртең, 1-июнь күнү Барпы драмалык театрынын алдындагы аянтта балдар майрамына арналган масштабдуу иш-чаралар өткөрүлөт. Шаардагы 1000 балага балмуздактар жана таттуулар таратылып, аларга арналган кеңири программадагы концерт уюштурулат. Балдар “Токтогул” эс алуу багындагы аттракциондордо акысыз ойношуп, “Кыргызстан – менин Мекеним”, “Ар дайым болсун күн”, “Планета балдардын көз карашы менен” деген темаларда асфальтка сүрөт тартуу сынагы уюштурулат. Балдардын социалдык мекемелерине концерттик программалар  тартууланат.

Балдар мекемелерине, үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүнө областтын жана шаардын жетекчилери, ишкана-мекемелердин жетекчилери барышып, колдоо көрсөтүшөт.

-Бул биздин майрамдык гана иш-чараларыбыз. Мындай балдарга арналган чаралар жыл сайын жүргүзүлүп, камкордуктар көрүлүп келет. Балдардын укуктарын коргоо, алардын арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, алардын ар тараптуу мүдөөлөрүн аткаруу боюнча иш-чаралар дайыма жүрүп келатат. Айрыкча алардын коопсуздугун сактоо боюнча аткара турган иштерибиз көп. Бул багытта атайын долбоорлор иштелген, - дейт шаардын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев.

Эскерте кетсек, 25-май – 25-июнь аралыгында шаарда “Биздин балдар – өлкөнүн келечеги” аттуу бир айлык акция жүрөт.

Булак NazarNews.kg

Последние новости