www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандыктардын баары бүгүн өздөрүнө ушул суроону берип жатышат. Бишкек ТЭЦдеги авариядан кийин элдин баары анын ким экенин билип калышты. Акаевдин тушунда жазуучулар кошуунунун акчалары кантип жоголгону, Бакиевдин тушунда Кумтөр боюнча коррупциялык келишим кантип түзүлгөнү тууралуу ЖМКларда көп кызыктуу маалыматтар чыгууда.

2010-жылдагы революциядан кийин Атамбаев окко учкан жигиттердин мүрзөсүндө туруп, «таза иштейм, бийликти тазалайм»' деп убада берди эле. Бирок, көп өтпөй зле Икрам Илмияновду президенттин администрация жетекчисинин биринчи орун басарлыгына, Сапар Исаковду ал аралык белүмдүн башчылыгына дайындады.

Сапар Исаков бул кызматка дайындалар замат Максим Бакиевдин Кытай долбоорлорун жылдыра баштады. Андан соң Сапарды администрация жетекчиси, премьер-министр кылды.

Эмне үчүн Кытайдан алынган кредиттерди пайдаланууда коррупциялык көрүнүштөр көп болууда? Себеби, кредиттин суммасы канчалык көп болсо, проценттик төлөмдөр да ошончолук көп болот.

Бүгүнкү күндө ал кыргызстандыктардын, алардын балдары менен неберелеринин мойнуна  оор жүк болуп артылып калды. Атамбаев элдин мойнуна жүк артканы аз келгенсип, эми дагы революция жасоого даярдангандай болуп, жаңы пезидент Сооронбай Жээнбековго
сес көрсөтүүде. Элди акчага сатып алса болобу?

Эгер ал КСДПнын жардамы менен революция жасоого ниеттенсе катуу жаңылышат. Бүгүн КСДПда, Атамбаевдин тегерегинде кимдер калды? Сапар Исаков, Икрам Илмиянов, Кубанычбек Кулматов, Абдил Сегизбаев, Фарид Ниязов, Чыныбек Турсунбеков, Болот Сүйүмбаев сыяктуу кишилер.  Биз алардын ар бирине мүнөздөмө берип отурбайлы, эл кимдин ким экенин ансыз деле билет. Анан Атамбаев ушундай кишилер менен революция жасап, кайра бийликке келмекчи болуп жатабы?

Бирок, эл башкача ойлонот. Эл Сооронбай Жээнбековдон экс-президентти баш кылып, коррупционердердик баарын түрмөгө отургузууну талап кылууда.

Тайлак НАЗЫМОВ

Булак: АЗИЯньюс

Последние новости