www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«КТ Мобайл» ишканасына биринчи транш менен 168 млн сом которулганын жана анын бөлүштүрүлүшү тууралуу суроону депутат Алмамбет Шыкмаматов («Ата Мекен») узатты. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда депутаттык комиссиянын отурумунда айтылды. Бул тууралуу Баракелди маалымат агенттиги билдирди.

«Кыргызтелеком» ААКтын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Эмил Акматовдун маалыматы боюнча, киреше салыгы төлөнгөндүктөн эсепте 130 млн сом бар.

Ал эми депутат «КТ Мобайл» ишканасынын учурдагы карызын сурады.

Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Бакыт Шаршембиевдин айтымында, ишкананын учурда 170 млн сом өлчөмүндө карызы бар.

«Анын ичинен 40 млн сому «Скай мобайл» компаниясына болгон карыз, 50 млн сому бюджетке, 71 млн сому вышка үчүн», - деди Э.Акматов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости