www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мындан 3 күн мурда интернетте жасалма жумурткалар менен тасмага түшкөн адамдын видеосу коомчулук арасында кызуу талкуу жараткан. Аталган видеодо жумуркалар резина экендиги даана көрүнуп турат."Фейк" эле болуш керек деген адамдын аты Урматбек, ал жумурткаларды "Арча" деген аталыштагы чакан базардан сатып алган. "Интернетте тарап жаткан жасалма жумурткалар делген видео боюнча иликтөө жүрүп, бир да жасалма жумуртка табылган жок". Мындай маалыматты бүгүн, 19-февралда басма сөз каражаттарынын өкүлдөрүнө Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Калысбек Жумаканов билдирди.
Анын айтымында, интернетте тараган жумурткалар Ош шаарына Ысык-Көл облусунан алынып келген.
"17-февралда социалдык тармактар аркылуу тараган видео боюнча биздин инспекция УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте иликтөө жүргүздү. Иликтөөнүн негизинде Ош шаарындагы бардык 17 жумуртка сакталган жерлер текшерилди. Ар бир жумуртка сакталган жерден үлгүлөр алынып, экспертизага жөнөтүлдү. Ошондой эле адистер тарабынан жеринен жумурткаларды жарып көрүштү. Жасалма жумуртканын сыртындагы катуу кабыгы менен ичинин ортосунда чел кабык болбойт. Текшерүүнүн жыйынтыгында жасалма жумуртка табылган эмес.
Ал эми жумуркалар коңшу Өзбекстандан алынып келиниши да такталып, мындай божомолдор тастыкталган жок.
Булак: NazarNews.kg