www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Словениянын парламентинин мүчөсү Дарий Крайчич дүкөндөн сендвич уурдаганын жарыялап, отставкага кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Маалыматка ылайык, депутат дүкөндүн коопсуздук системасын текшерип көрүү үчүн уурулукка барган. Депутаттын айтымында, ал дүкөндө кезекте турганда, эч ким ага көнүл бурбай койгон. Кассада 3 мүнөт турган. Кызматкерлер өз ара сүйлөшүп турганын байкап, төлөбөй чыгып кеткен. “Мен өмүрүмдө биринчи жолу уурулукка бардым. Эч ким билбей калды. Мен кайра барып, алган сендвичимдин акчасын төлөп бердим. Мен уурулук кылган жокмун. Бул социалдык эксперимент. Мен кылган кылыгыма кечирим сурайм”,- деп 54 жаштагы депутат өз каалоосу менен отставкага кетти.
Дарий Крайчич алган сендвичтин акчасын төлөө үчүн кезек күткөн. Бирок маркетте иштегендер өз ара сүйлөшүп туруп алып, аны капарларына алган эмес. Андан улам маркеттин ишенимдүүлүгүн текшерүү максатында акчаны төлөбөй кеткен. Анын “уурулугун” эч ким байкабаганда кайтып келип төлөгөн.
Кесиптештери бул окуяны күлүп кабыл алганы менен жыйынтыгы оор болду. Каршы пикирлер айылганда гана депутат “социалдык байкоо” жасаганына өкүнүп жатканын билдирип, элден кечирим сурады.
Партияны төрагасы Бран Голубович Крайчичтин кылгандары этикага дал келбесин эске алып, кызматтан кетиргенин билдирген.
Дарий Крайчич 2018-жылдын сентябрь айында парламентке шайланган.
Булак: NazarNews.kg