www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен Чыңгыз Анарбек уулу бүгүн, 19-февралда эркиндикке чыкты. Чыңгыз Анарбек уулу учурда экиндикке чыгып, жакын адамдары менен жолугушуп жатат.

Эске салсак, 2018-жылы 16-июнь күнү Москванын борбордук көчөлөрүнүн биринде мексикалык футбол күйөрмандарын сүзүп кеткен. Кырсыктан 8 киши жаракат алган. Айдоочу полиция кызматкерлерине сурак берип жатканда күнү-түнү иштеп уктабагандыктан жолдо уктап кеткенин айтканы бар. Кийинчерээк анын апасы дагы уулуна ырайым болууларын өтүнүп, жогору жактарга кайрылган.

Факты боюнча кылмыш иши козголуп, Анарбек уулу тергөө абагына камакка алынган болчу. Москва шаарынын Тверь райондук соту Анарбек уулун 1 жыл 6 айга кара жумушка тартууну чечсе, Смоленск облустук соту аны мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча чечим чыгарган. 
Булак: NazarNews.kg

Последние новости