www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Саясый труптар" жандана башташты...

Биз армансыз жашаганга татыктуубуз. Анткени, биздеги саясат өлө кызык, эй! Кыргызстандын саясатчыларындай «динозаврлар» ааламдын бир да жеринде жок. Кыскасы, зерикпейсин. Бири кызматка келээри менен улуп-жулуп жесе, бири түйүнчөгүн түйүп качып, дагы бири былыгы чыгып камалса, түрмөдөн чыккандары кайрадан депутат болом деп чуркап жүрөт. Айталы дегенибиз соттолуп, камакта жатып чыккап, болгондо дагы олчойгон айыптарды мамлекетке төлөп берген эргулдар келерки жылы өтө турган шайлоонун камын көргөндө күйбөгөи жерин күл болот экен да.

Андан да: «Мени сатып кеткендердин жүзүн экинчи карабайм» -дегендер элдешип, эреркей кучакташа эл алдына чыгып башташты. Арийне, буларда абийир, ар-намыс, уят-сыйыт деген ныпым жок тура. Бүткүл эл алдында шермендеси чыгып «крит» кеткенден кийин жөн эле жатпайбы. Ичерин ичип, жерин жеди, жети муунга чейин жетер байлык топтоду.

Дагы эмне жетпейт буларга. Же алдым-жуттумдук оорудан бир гана ажал айыктыра алабы, адамды? Бейгам, тынч өмүр сүрүп, арттан келе жаткан муунду сүрөгөндүн ордуна эбак «саясый груп» болуп, мумияга айлангандар кайрадан жаштарга бут тосуп, өлкөнү «көргө» сүйрөп жаткандарын качан токтотушат деги?

Булак: "Де факто"

Последние новости