www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
7-ноябрь күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы атагы алыска, даңкы даалайга жеткен айтылуу Арстанбапда жергиликтүү бийликтин демилгеси, эл аралык байланышты бекемдеген Германия кызматташтыгы коомунун “GiZ” долбоорунун колдоосу менен жаңгак фестивалы болуп өттү. Фестивалга аймактын мектеп окуучулары, токой чарбачылыктын өкүлдөрү, токой чарба мекемелеринин кызматкерлери жана райондун жетекчиликтери, Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Мирлан Бакиров катышты. Иш чарага жергиликтүү таланттардын ыр, күүлөрү жаңырып, бийчи топтор өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ошондой эле фестивалдын алкагында токой мөмө-жемиш азыктарынын көргөзмө жарманкеси болду. 34 миң гектар жаңгак-мөмө токоюн сактоо жана коргоо боюнча маселе көтөрүлүп, токой чарба адистери жаңгак токоюн өнүктүрүү тууралуу өз ойлорун айтышты.
Жаңгак токоюнун сапатын жакшыртууга жана аны коргондоого, жаңгактын майын иштетип чыгарган майжубаз курууга аталган Германия кызматташтыгынын “GIZ” долбоору чоң салым кошкон.
Долбоордун жетекчиси Эдит Кошкин бул уникалдуу кыргыз жаңгак токоюнун дүйнөдө жалгыз экендигин жана анын жылдан жылга жок болуп бара жаткан курамы ага тынчтык бербей, бул долбоорду ишке ашырууга түрткү берди дейт биз менен маектешкенде. Келечекте консервалоочу, май чыгаруучу жана токой-мөмө-жемиштерин иштетүүчү чоң завод, фабрикаларды курууга ниетиңиздер барбы деген сурообузга, биздин азырынча андай чоң нерсеге дараметибиз жетпесе керек деп ойлойм, бирок ким билет, балким “Дүйнөлүк банк” сыяктуу ири банктар менен кызматташып калсак, келечекте ал нерселер да ишке ашып калаар деди.
GIZ программасынын аталган долбоорунун ишке ашып жаткандыгы тууралуу жергиликтүү токой чарба кызматкерлеринен сурамжылап көрдүк.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облустук токой чарба жана айлана чөйрөнү коргоо агенттиги мамлекеттик Башкармалыгынын башчысы Эрмеков Бактыбекти кепке тартканда ал бизге токойдун чыныгы акыбалы жана GIZ программасынын көрсөткөн колдоолору тууралуу айтып берди.
- Токойдун бүгүнкү күндө кыйын абалга кептелип жаткандыгы турган сөз. Жалал-Абад облусунда негизинен 34 миң гектар жаңгак токою бар, ал жаңгак-мөмө токою деп аталат. Жаңгактын ата мекени десек туура болот бул жерди, ушул жерден чыгып, ушул жерде жайгашкан. Мен бул тармакта 20 жылдан бери иштеп келе жатам, катардагы кызматкерден (токойчудан) жетекчилик кызматка чейинки баскычтардан өттүм. Менин көз карашымда биздин токой карып, эскирди, ал эми жаңылоого мезгил келип жеткени капкачан. Бирок буга жылдан жылга өсүп жаткан малдын саны жана жергиликтүү тургундардын муктаждыктары тоскоол болуп жатат. Ошол себептен мен айтаар элем, GIZ программасынын колдоосу өз убагында болуп жатат. Албетте өкмөттүн токтомуна ылайык токойду жаңылап жана шартка ылайыкташуучу түрлөрүнө кыйыштыруу иштерин жүргүзүп жатабыз дегилечи. Анткени менен бул көйгөйдү комплекстүү чечүүгө гана болот, көйгөй бирөө эле эмес. Аталган долбоордун алкагында биздин токой чарбалыктардын дээрлик бардыгына токойду малдан коргоочу тосмолор берилип, айрым жерлерде күнөсканалар курулду. Калктын карапайым катмарын тартуу менен май чыгаруучу жабдууларды Германиядан алып келишип бир багытка коюга аракеттер көрүлүп жатат. Бир сөз менен айтканда бул долбоорду ишке ашыруучулардын иштери алгылыктуу.
Ошону менен бирге, биз ошол аймактын токой чарба кызматкерлеринин ойлорун, чындыгында аткарылып жаткан иштерин да сурап көрдүк. Алардын айтымында, долбоорду ишке ашыруучулар өкмөт менен катар эле токой көйгөйүн чечүүдө көп көзгө көрүнөөрлүк иштерди аткарып жаткандыктарын айтышты.
Эске сала кетсек, бул жаңгак фестивалы төртүнчү жолу өткөрүлүп жатат. Фестивалдын алкагында Базар-Коргон районундагы мектептер арасында сынак уюштурулуп, жеңүүчүлөргө интерактивдүү доска белекке берилди. Анткени, окуучулар арасында экологиялык кошумча сабактар өткөрүлүп, келечектеги токой колдонуучулардын табигатка аяр мамиле жасоого тарбия жасалууда. Анткени, учурдагы жаңгак-мөмө токойлоруна эгемендик алгандан бери аёосуз жыртыкчтык менен талкалоо болгонун кесепеттери байкалууда. Ошондуктан, жаш муун уникалдуу табыгый токойду сактап калышы үчүн көчөттөрдү эгүү, өзү өскөн көчөттөрдү айланта курчоого алуу, токойду малдан коргоону билиши зарыл.
Булак: NazarNews.kg