www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева Африкага, тактап айтканда Туниске мектептерде окуучуларга ысык тамак берүү программасын ишке ашырууну үйрөткөнү кеткени сынга алынды. Кыргызстанды кыйратып койгонсуп, Африкага барып акыл үйрөткөнү кеткени, бир чети күлкүнү келтирсе, бир чети биздин жетекчилерге даба жок тура дедиртет.

Анткени жакында эле, Эмгек жана социалдык өнүктүрүу министри Таалайгүл Исакунова орун басарлары менен кошо маанисиз эле чет өлкөгө саяскаттаганы сынга алынып, иштен кетишти. Эми бул чуунун аягы сууй электе, Кудайбердиеве Африкага барып акыл үйрөтөт болуп жөнөп кетиптир.

Премьер-министр Абылгазиев душман көзүнө чиновниктердин чет мамлекетке 400 жолу ыксыз, пайдасыз эле сапарга чыкканын сынга алган болуп жер муштоодо. Курулай айкырык салбастан, мыйзам чеганде чара көрсө өзүм билимдик болбойт эле да.

Тартип, мамлекеттик этика жок башаламан саясаттын жемиши ушундай өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген, мамлекетин каражатын жеке чөнтөгүндөй пайдаланган бетсиз чиновниктердин армиясын жаратат.

Булак: "Ачык саясат"
 

Последние новости