www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги саясат таануучу Табылды Акеров менен коомчулуктун көңүл борборуна айланган КСДП партиясы Илмиянов жана Өмүркуловдор тууралуу баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.
- Илмияновдун ишинде Сооронбай Жээнбековдун аты атала баштаганы эмнеден кабар берет? Икрамдын тагдыры не болот?
-Бүгүн КСДПнын штабы жана Атамбаевдин тегереги бардык иштерди Президент Сооронбай Жээнбеков жана анын жакындарына байланыштуу болуп жаткандай көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Икрамжан Илмияновдун камалышында дал ушундай негизде берүүгө аракет кылышты. Шайлоо учурунда чет өлкөлөрдөн акча келген, сөз ошол акчалар жөнүндө болуп жатат деп жарыялашты. Бирок, бүгүн И. Ильмияновдун ошол акчаларга канчалык тиешелүү болгондугу ММКларга чыга баштады. Бул жерде шайлоого шылтап, бизнесмендерден акча чогултулганы байкалууда. Менимче, бул иш толук тастыкталып бүткөндө, баары ачыкталат. Икрамжан Илмиянов күнөөлүү деп табылса, анда ал өз жазасын алат. Илмияновдо бул 150 миң долларды төлөп коюу мүмкүнчүлүк болгон. Себеби, ал кармалгандан мурун эле, Икрамжан Ильмиянов бир бизнесменден 150 миң доллар алган экен. Ошого байланыштуу кылмыш иши ачылыптыр деген маалымат чыгып, барып токтоп калган. Ошол учурда Илмиянов бул акчаларды жандырып, анын ээсине кайтарып берип койсо болмок. Бирок, ал тескерисинче, Казандан Моксвага, андан Абу-Дабиге, андан Нью-Йоркко учуп кеткени жатканда кармалып жатпайбы. Балким, ал ошол бойдон биротоло кетип калганы жаткандыр.
- КСДПга чоң салым кошкон, кыйынчылыгын, жыргалчылыгын чогуу көргөн Иса Өмүркуловдун партиядан чыгарылышы неден кабар берет?
-Иса Өмүркуловдун партиядан чыгарылышы КСДП фракциясы менен пратиянын саясий кеңешинин ортосундагы тиреш ачыкка чыкканын билдирет.
- Ал партиянын тартибин бузган жокмун дегени менен КСДПнын пресс кызматы бир канча жолу жыйынга келбей койгонун айтты го? Иса Шейшенкулович өзү партиядан чыгууга аракет кылган эмеспи?
- Иса Өмүркулов КСДП партиясынын бирден бир негиздөөчүлөрүнүн бири болуп эсептелет. Ал партиянын өнүгүшүнө барандуу салым кошкон ветерандарга кирет. Ошон үчүн ал жөн эле партиядан чыгып кете албайт. Менимче, Атамбаев өзүнүн мөөнөтү аяктап баратканда саясий кеңештин курамын өзгөртүп, ага жалаң өзүнүн жакындарын киргизип, саясий кеңешти көзөмөлгө алууну коздогон. Ошол кезде партияга жакынкы жылдары эле кирген Фарид Ниязов, Сапар Исаков жана башкалар кирген. Ошентип саясий кеңеш Атамбаев жана анын тегерегиндеги топтун көзөмөлүндө калган. Атамбаев жана анын тегереги кийинки шайлоого өздөрү барууну чечип, фракцияга анчейин маани беришкен эмес. Бирок, бүгүн фракция менен да эсептешиш керек болуп калды. Ошон үчүн фракция менен саясий кеңештин ортосунда тиреш болуп жатат. Атамбаев төрагалыкты бербейт. Себеби, ал партияга жармашып, кайрадан чоң саясатка баргысы келип жатат. Ошондуктан, булар ушундай аракеттерди жасай башташты. «Атамекен» менен партиясы менен атаандаш болуудан коркуп, алардын алдыңкы лидерлерин куугунтукка алышып, Текебаевди камап коюуга жетишишти. Буга чейин «Атамекен» патиясы социнтернде мүчө болчу . Булар КСДПны да социнтерге мүчө кылууга жетишишти. Бирок, канткен менен, бүгүн Атамбаев башында турган саясий кеңеш фракция менен чоң тирешке кабылды. Эми баары Атамбаевге көз каранды. Атамбаев бүгүнкү реалдуулукту түшүнүп, төрагалыкты өткөрүп берсе, анда жакшы. Партия дагы бир топко саясий аренада сакталып калат. Атамбаев эгерде эрегишти улантса, анда партия майдаланып, саясий аренадан жок болуп кетиши да мүмкүн.
- КСДПнын пресс кызматы КСДП аркылуу парламентке депутат болуп, азыркы бийликке ыктай калгандар кантип Атамбаевдин бетин карайт деди го?
- Маселени мындай негизде кароо туура эмес. Анда КСДПны пайдаланып Ф. Ниязов да, С. Исаковдор да чоң кызматтарга барышты да. Керек болсо, 7-апрелде Бакиевдер борбордук аянттагы жаштарды аттарып жатканда, С. Исаков АКШда М. Бакиевдин жанында жүрбөдү беле. Ал эми Ф. Ниязовдун аянттан карааны да көрүнгөн эмес. Булар революционер эмес да. Ошол учурда И. Өмүркулов борбрдук аянтка келип, бизге кайрат айтып, нан, шоро, суу алып келдирген болчу. Атамбаев болсо, жаштарды атып жатканда, анын үйүнө генерал Суваналиев жана башкалар барып, ок атууну токтотолу десе, мен жуунуп алайын деп, тетири басып кеткенин ал жазып, айтып да жүрбөйбү. Бирок, Атамбаев деле, С. Исаков, Ф. Ниязов деле кабагым, кашым дебей эле, жүзүн элден жашырбай эле, чоң- чоң кызматарды аркалап, кызматтан кызматка которулуп жүрүшпөдүбү. Ким, кимди сатып кеткенин мына ушундан билишибиз керек. Атамбаевдин этегин кармап, ляппай деп чуркап, элдин кызыкчылыгын саткандарыдын баары бүгүн камакка олтурат. Атамбаев жана анын тегереги жаштардын, элдин кызыкчылыктарын сатып кетишкен. Ошондуктан, бүгүн алар менен көпчүлүк саясаатчылар иш кылгылары келбей жатат десем туура болчудай.
Булак: NazarNews.kg