www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми КСДПны депутат Анвар Артыков жетектейт

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДПнын төрагасынын милдетин аткаруучу Асел Кодуранова кызматтан баштып, аны партиянын мүчөсү Анвар Артыковго өткөрүп берди. Бул тууралуу маалыматты партиянын басма сөз кызматы таратты.

Маалыматтар боюнча, мындай чечим партиянын жетекчилигинин бир бөлүгү Кой-Таштагы окуялар боюнча соттук териштирүүгө катышкандыгына байланыштуу кабыл алынган.

КСДПнын төрагасынын орун басарлыгы милдетин аткарган Рыскелди Момбеков жана Кундуз Жолдубаева да токтоткону менен КСДПнын мүчөсү бойдон калышты.

Төраганын дагы бир орун басары Ирина Карамушкина партиянын саясий кеңешинен дагы жана партиядан да чыкты. Ал эми Назгүл Мамытова дагы саясий кеңештеги мүчөлүгүн токтотот, бирок партиянын мүчөсү бойдон калат.

КСДПнын саясий кеңешинен да партиянын өзүнөн да Мээрбек Мискенбаев, Адил Турдукулов, Мирбек Айтикеев, Кундуз Ажыбекова да чыккан.

Белгилей кетсек, Атамбаевдин уулдары Сейид жана Кадырбек жаңы “Кыргызстан социал-демократтары” париясын түзүшкөн. Бирок, партиянын расмий түрдө ачылышы боло элек. Жаңы бирикмеде КСДПнын атрибуттары жана символдору колдонулат. Мурунку мамлекет башчынын уулдары 2020-жылкы парламенттик шайлоого катыша турганын билдиришкен.

Мыйзам боюнча, Алмазбек Атамбаев эки партиянын тең мүчөсү боло албайт.  Социал-демократтардын катарында орун алган бөлүнүүдөн жана жаңы саясий уюмдун түзүлүшүнө байланыштуу ал эки партиянын кайсынысын колдой тургандыгын чечиши керек. Учурдагы кырдаал эки ача – Атамбаев өзү түзгөн партия жана анын балдары түзгөн партия. Эки түзүмдө тең анын шериктери бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости