www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун шарапаты менен шайлоолорго үгүт иштери башталган. Курсагы ток партиялардын коронавирус менен иштери эмне, алар парламенттен кайра орун алышып, май–чучуктарга жетсе болду да, ошондуктан ал үчүн азыркы эпидемияга шылтоолоп, элди сатып ала баштады.

Эл болсо кыйналып турат, аларга ким жардам берсе бары бир да, бирок биз жардам бердик бизге добуш бересиңер деген көмүскө өкүмзордук күч ала баштады.Кыргызстанда мыйзамдуу катталган 250 дөй партиянын бардыгы эле аттанышпаса керек. Бирок, алардын ичинде өз аймактары үчүн күрөшкөн партиялар сөз жок болот. Ошону менен жалпы мамлекеттик масштабда өтөбү, өтпөйбү дайыма шайлоолорго катыша турган партиялар да бар. Андан тышкары азыркы парламентте орун алышкан партиялар сөз жок ээлейт.

Бул партиялардын ичинде СДПКнын эл алдында баркы кетип, ал парламентке алып келген фракциясынын депутаттары туш-тарапка жөргөлөп качып жаткан учур. Ушундай шартта да бул партия үчкө бөлүнүп кетти. СДПК № 1 да ар кимге сатыла баштаганы белгилүү болду, СДПК № 2 “Атамбаевсиз шайлоо өткөзөбүз” деп ээликкен бойдон, ың –жыңы жок куурап баратат. Эми СДПК № 3 же Атамбаевдин балдары Сайит,Кадыр Атамбаевдер уюштурган социал –демократиялык партия түзүлдү. Бирок, канча таасир көрсөтөт, аны шайлоочулар чечер.

Дагы бир учурунда күчтүү таасирге жеткен “Республика-Ата-Журт” фракциясы бар. Бул фракция күчтүү таасирин жоготпойт. Лекин, Атамбаевдин убагындагыдай алдыңкы орундарга жетиши кыйын. Анткени, бул фракция 2015-жылы парламенттик шайлоого аттанганда “Республика” партиясы менен “Ата-Журт” партиясы бирге аттанышкан.

Эки партия жетекчилери тең төрага катары киришип Өмүрбек Бабанов алдыңкы тизмеде, ал эми Камчыбек Ташиев кырктан кийинки тизмелер менен кирген. Ал шайлоодо ал эмес бийликтин партиясы СДПК 38 гана орун алган.

Демек, Камчыбек Ташиев бул кошулган партия алдыда келсе, балким өкмөт башчысын мээлегендир. “РАЖ” фракциясы 28 орун менен экинчи орунда келди. Камчыбек Ташиев сыртта калып, анын эсесин президенттик шайлоодо чыгарды. 2016-жылдагы жергиликтүү шайлоолорго “Ата-Журт” өз алдынча чыккан, боло турган шайлоолорго “Республика” партиясы менен “Ата-Журт” партиясы кайрадан биргелешип аттанабы, азырынча катуу үн чыга элек.

СДПКнын кадыр-баркы төмөндөгөн соң, башка партиялардын СДПК ээлеп келген ордуна ашыгышы табыгый көрүнүш. Бул орунга азыркы парламенттеги “Бир бол”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан”, “Ата-Мекен” партиялары көз артышары бышык. Андан тышкары азырынча парламентте жок: “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Замандаш”, “Ак шумкар” партиялары да тагдырларын сынашы мүмкүн. Ушул сыноодо деле партиялардын таасирдүүлүгү билинип калат.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мөөнөтү 2020-жылы күзүндө аягына чыгат. 2020-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо пландалууда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусу учурунда билдирген.

Шайлдабекова жакынкы эки жылдын ичинде өтчү шайлоолор тууралуу маалымат берген:

1)2020-жылдын апрелинде 31 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык) болмок, коронавирустун айынан кийинкиге жылдырылган.

2)2020-жылдын октябрында Жогорку Кеңешке шайлоо болот.

3)2021-жылдын апрелинде 417 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык) болот.

4)2021-жылы төрт жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык) болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости