www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров дарыгерлерди жана коопсуздук кызматкерлерин, ошондой эле коронавируска каршы күрөшкөн башка тармактын кызматкерлерин эс алууну убактылуу унутуп турууга чакырды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.

"Мен өзүмдөн баштап дарыгер, медайымдарга чейин эс алууну убактылуу унутуп турууга чакырам. Биз жарандарыбыздын алдында милдеттүүбүз. Эгер бул сөз жүрөккө жетпесе, ал командадан кетиши керек", - деген Кадыров.

Ал бул күндөр Чеченстан жана бүткүл дүйнө үчүн эң оор күндөр экенин кошумчалаган.

Аталган өлкөдө коронавирус инфекциясы 1 миң 133 адамдан аныкталды. 13 адам каза болуп, 690 бейтап айыгып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости