www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшабаевди кепке тартып, коомчулуктун көңүл борборуна алынган айрым маселелер боюнча ой бөлүштүк.

--Кеңешбек мырза, акыркы мезгилде Атамбаевдин балдарынын саясатка аралашуу дымагы байкала баштады. Атамбаевдин тарапташтары колдосо эле балдары  ийгиликке жетсе болобу?

--Атамбаевдин балдарынын саясатка аралашууга толук укуктары бар. Бирок куру намыска алдырбай, өздөрүнүн алына, чамасына реалдуу кароолору керек деп ойлойм. Кудай да, тарых да Атамбаевге зор мүмкүнчүлүк берген. Кыргыз элин маскаралап, шылдыңдап, өз ара кайраштырбай, ынтымакка, биримдикке алып келип, элдин ырыскысын элге кайтарып, мамлекетти өнүгүү жолуна салса болмок. Бирок кайсы жолду тандап алганын көрдүк го. Баардык мүмкүнчүлүгү болуп туруп атасы бүтүрбөгөн жумушту балдары жасаарына көзүм жетпейт. Атасынын атын да, артын да тазалайлы десе саясатка аралашпай эле, миңдеген жолун тапса болот да. Саясат эн ыплас нерсе экенин өздөрү деле көрүшүп, баштарынан өткөрүп жатышат го. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости