www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

UFC уюмунун чемпиону, орусиялык Хабиб Нурмагомедов атасы Абдулманап Нурмагомедовдон коронавирус инфекциясы аныкталгандан кийин Москва шаарында коронавируска карата тест тапшыруудан баш тартты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, дарыгерлер Хабибге толук текшерүүдөн өтүп, коронавируска карата тест тапшырууну айтышкан. Мушкер бул сунушту четке кагып, дарыгерлерден атасына көңүл бурууну суранган.

Абдулманап Нурмагомедов учурда Москва шаарындагы ооруканалардын биринде абалы оор болуп, комада жатат. Буга чейин мушкер атасынын жүрөгүнө операция жасалгандыгын айткан. Ошол эле учурда Россиянын президенти Владимир Путин мушкердин атасынын дарылануусу мыкты деңгээлде болорун убада кылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости