www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернет-сайттарда Бишкек шаарынын мэринин коомдук иштер боюнча кеңешчиси Г. Алмамбетова өткөрмө кагаздарын берүү маселелери боюнча ИИМге чакырылганы жөнүндө маалыматтар тарап жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы өзгөчө абал учурунда Бишкек шаарынын Комендатурасы тарабынан өткөрмө кагаздары берилген фактылар боюнча кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш боюнча иликтөө, тактоо багытында ыкчам тергөө иш чаралар жүргүзүлүүдө.

2020-жылдын 29-апрелинде жогорудагы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Мэриясына өткөрмө кагаздарынын берилиши боюнча аларда болгон маалыматтарды ИИМге берүү боюнча атайын кат жиберилген.

Сотко чейинки өндүрүш учурунда Г. Алмамбетова сотко чейинки өндүрүштүн күбөсү же башка катышуучусу болуп эсептелбейт. Ушуга байланыштуу Бишкек шаарынын мэринин коомдук иштер боюнча кеңешчиси Г. Алмамбетова Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылган эмес жана анын бул боюнча билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости