www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--“Президент жана бомж-3” интернетке жарыяланды. Көрүүчүлөр кандай кабыл алып жатышат?

--Ооба. “Президент жана бомж-3. Ханзаада сүйгөн айылдык кыз” 2018-жылы май айында Кыргызстанда кинотеатрларда көрсөтүлүп, ошону менен аны чет өлкөлөрдө коюп, жаңы эпизоддорду кошумчалоо үчүн токтотуп турганбыз.

Эми Кыргызстан, Казакстан, Кытай биргелишип жаңы тасма тартканы турганыбыздан улам аны интернетке коюп, элге тартууладык. Көрүүчүлөр көп топко бөлүнөт. Көпчүлүгү детектив, криминал, боевик, секс тасмаларга кызыгышат. Аларга арийне, интеллектуалдык деңгээлдеги тасмалар жакпайт. Ал эми акыл-парасаттуу, саясаттан, маданияттан кабары бар өскүлөң катмар кызыгып, бир жумада 300 миңден ашык киши көрдү. “1-2-сине жетпей калыптыр” дегендер бар. “Түшүнүгүңөр жетпесе өз деңгээлиңердеги кинолорду көрө бергиле, бул өзүнчө мыкты тасма болуптур” дегендер бар. “4-сү качан чыгат” дегендер чыкты.

--“Президент жана бомж-4” чыгабы?

--“Президент жана бомжду” жазып, кино кылып тарттырып жүргөндө анын 2-3-лөрү чыгаары оюмда деле жок болчу. 1-си бүткөндө көпчүлүк жакшы кабыл алып, “ким президент болот, 2-си, уландысы чыгабы?” деген суроолор жаады. Элдин талабынан “Президент жана бомж-2”ни жазып, тартууга туура келди. Аны көрүп алышып, көптөр 3-сүн күтүштү. Бир топ жылдан кийин минтип 3-сү тартылды. “Эми болду го” деп тургам. Анын үстүнө киного көп каражат кетет. “Президент жана бомж-3төн” кинотеатрлардан анча каражат түшпөй, кыйынчылыктарга кептеди. Ага карабай айрымдар мамлекет же, бирөөлөр акча сарптагансып милдет тагып пикир айтышат. Бирок, эми “4-сү чыгабы, күтөбүз” дегендерди окуп алып, “балким, мүмкүнчүлүк табылса, тартаарбыз” деген ой келди.

--Анда эмне окуяларды камтымакчысыз?

--Өлкөдө саясат курчуп эски жана жаңы президенттерибиз Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда кырды бычак курч күрөш жүрдү. Элге эң жогорку чөйрөдө эмне болуп жатканы абдан кызык. Бир топтор сунуштап атышпайбы: “Атамбаев менен Жээнбековдун тирешү тууралуу кино тартпайсызбы” дешип.

Мен катуу ойлонуп калдым. Ооба, өтө курч тема. Эми “Президент жана бомж-3тү” көрүп алышып, “4-сү чыгабы?” деп кызыгышканда 4-сүндө өлкөбүздөгү дал ушул талылуу жагдайды камтыган тасма жаратуу ою келди. Себеби, “Президент жана бомж” – жогорку жана ылдыйкы катмардагы турмушту чагылдырган тасма. Бул эки катмардагы күрөш, турмуш бүтпөй, уланып жатат. Демек, кино да уланышы керек.

--“Президент жана бомж-3”тө мурда биздин сайтта көтөргөн Бишкекке 30-50 кабаттуу асман тиреген имараттарды куруу идеясын бериптирсиз.

--Ооба. Бийликке коомчулуктун атынан искусство өкүлдөрү жаңы идеяларды макала, адабий чыгарма, кино аркылуу сунуштайт. Бул эзелтен келаткан нарктуу ыкма. Мен чет өлкөлөрдө көп жүрүп, Нур-Султан, Москва, Баку, Грозный шаарларындагы көп кабаттуу асман мелжиген бийик имараттарга суктанып, “бизде ушундай ажайып имараттар курулса” деген ойдо сунуштап жатканым. “Астана-Эксподо” 150 миң киши иштеди. Биз андай ири курулуштарды колго алсак, 200-300 миң жумушчу орундары ачылмак. “Президент жана бомж-3”тө айткандай чет өлкөлөрдө жүрүшкөн уул-кыздарыбыз келишип, өлкөбүздү өркүндөтүүгө салым кошушмак. Шаарыбыз, өлкөбүз өсмөк. Казынага ири каражаттар түшмөк. Андай бийик имараттардын бирин Акаевдер, экинчисин Бакиевдер, үчүнчүсүн Атамбаевдер, төртүнчүсүн Салымбековдор, бешинчисин Бабановдор, алтынчысын Матраимовдор, жетинчисин Абдыкерим Шаршеналиевдер, сегизинчисин Шадиевдер, тогузунчусун Түлеевдер курушса... Каржылык амнистия жарыялап, баарын чакырыш керек...

Кыргызстаныбызды жабылып көтөрүүгө... Кинону көрүп алышып, комментарий жазып жатышпайбы, “ушул кинону биздин чоңдор көрүшөбү?” дешип. Ооба, көрүшөт. Баары көрүшөт. Анткени, бул алардын турмушун чагылдырган саясий сейрек популярдуу тасма.

--Президенттер да көрүшөбү?

--“Президент жана бомж” жаңы чыкканда 2012-жылы андагы президент Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов келди кинону көрүүгө “Октябрь” кинотеатрына. “Президент көрүп келчи” деп жиберди” деп. Кийин Атамбаев айтыптыр:

"Менин ишмерлигим тууралдуу “Президент жана бомждун” автору тартсын” деп. Арийне, андай тасма тартылган жок, аны жандоочулары Сапар Исаков менен Албек Ибраимов бузганын силдердин сайтка да убагында билдиргенбиз. Ооба, элге кеңири тараган тасманы депутаттар, министрлер жабыла, мамлекет башчылары да көрөөрү белгилүү.

--Өмүрзак Жолдош уулу, “Манастын уулу Семетей” көркөм фильминин сценарийин чет тилдерге котортуп, бир канча мамлекеттердин ири кино компаниялары менен биргелешип тартууга аракеттенип жатканыңызды жар салгансыз. Таажы тумоого байланыштуу токтоду окшойт го?

--Россия, Кытай, Турция, Франция, Казакстан өлкөлөрүнүн кино ишмерлери менен кызматташып, дүйнөлүк улуу эпосубуздун негизинде эл аралык аренага чыкчу тасма жаратууга белсенип жатканбыз. Өкүнүчкө, улуу тумоо кендирди кесип, убактылуу токтотту.

--Жогоруда Кыргызстан, Казакстан, Кытай биргелешкен тасма тууралуу айттыңыз, ал эмне деген тасма?

--“Бир алкак – бир жол” (“Жибек-жолу”) экономикалык алкагынын Казакстандагы Орто Азия боюнча бөлүмү менен иштешип, эл аралык бир ушундай кино долбоор даярдап атабыз. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Кытайдын белгилүү кино жылдыздары катышып, үч өлкөнүн кино ишмерлери жаратышы керек.

--“Бир алкак – бир жол” – Кытайдын доолбору. Кыргызстан Кытай экспанциясынан чоочуп турганда анын келечеги кандай болоор экен?

--Экспанция, бир өлкөнүн аймагын күч менен басып алуу деген мурдагы, өткөн замандын көрүнүшү. Азыр башка учур. Кытайлар азыр кыргыздар сыяктуу жерди басып албай эле дүйнө өлкөлөрүн аралай чаап иштеп, жашап жүрүшпөйбү. Мен жакында Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо менен үй-бүлөсү менен бирдикте кенен таанышып, ээн-эркин аңгемелештик. Мен курактуу, өтө билимдүү, интеллигент жигит.

“Совет учурунда бизди “Кытай басып кирет” деп коркутушчу” десем, Чжан Сяо күлүп атпайбы:

“А бизди “Советтер Союзу кол салышы мүмкүн” деп коркутушчу” деп... Экинчиден, биз Кытай менен да, Россия менен да, Америка менен да, Европа менен да тыгыз кызматташып, экономикабызды көтөрүп, маданий байланышты арттырышыбыз кажет. Бул – учурдун ургаалдуу талабы.

Сүрөттөрдө: Кинопродюсер Өмүрзак Төлөбеков Кытай элчиси Чжан Сяо (аялы менен – ортодо), “Жибек-жолунун” Орто Азия боюнча аткаруучу директору Жания Тапалова менен.

“Президент жана бомж-3. Ханзаада сүйгөн айылдык кыз” тасмасынын башкы каармандары Илеш Өмүрзак уулу менен Толкунай Кубанычбек кызы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости