www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңеште “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын бирдиктүү реестрин түзүү” тууралуу мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Дастан Бекешев ар бир мүмкүнчүлүгү чектелген жаран тууралуу бардык маалыматтар камтыла турганын айтты. Ал аталган реестрдин негизинде өкмөт өзүнүн социалдык саясатын мерчемдей алышы керектигин кошумчалады.

Депутат Акылбек Жапаров демилгечиге турак жай жана коомдук имараттарды эксплуатацияга берүү боюнча техникалык регламенттерди окуп чыгууну сунуштады. Ал эми депутат Аалы Карашев мыйзам долбоорундагы чараларды тактоону жана көзөмөлдү кайсы орган жүргүзөөрүн ачык көрсөтүү керектигин айтты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору колдоо тапкан. Долбоордун демилгечиси депутат Дастан Бекешов колдобогон депутаттарга нараазы болуп, ызалана кетти.

Урматту депутаттар биз сиздер менен мыйзам долбоорун жакшы эле талкуу кылганбыз. Бүт баары эле “макул, колдойбуз” деп айтышкан. Анан бул жакта президенттин аппаратынын юристи...Мен президентке айтайын деп атам. Президенттин аппарыт кээ бирде ишин туура эмес кылып жатат. Юристери келип, депутаттардын арасына барып, агитация кылып жатышат. Жөнөкөй эле мыйзам болчу. Эмнеге коркуп атасыз. Мен керек болсо, президентке өзүм айтам”,-деп депутат Дастан Бекешов ызалана айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости