www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттин мүлкүн

Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасынын дайындалганына эки ай боло элек башкы директору Дашков Василий тууралуу алыстаа-а-н угулган айың кептердин чындыгы бар экенин билип, анын басып ѳткѳн жолуна саресеп салып кѳрдүк. 

Дегеле, Дашков Василий деген ким өзү?! Анын канча жылдардан бери кызматтан – кызматка жармашып, болгондо да майлуу-сүттүү орундарды ээлеп жүргөндүгүнүн себеби эмне? Коррупцияга белчесинен батып, миллиондогон акчаларды “апп” деп сугунуп койгону айдан ачык көрүнүп турса да, текшерип келген тийиштүү орган кызматкерлери эмнеге үн катпай баса беришет? Эгер Дашков сыяктуулардын коррупциялык аракеттери улана бере турган болсо, Кыргызстанды эмне тагдыр күтүп турат? Мамлекеттин байлыгын “крысадай” талап-тоногон “Дашков” породасындагы жеп-ичээрлерге каршы “чагылгандай тез чара” көрбөсө, кийин кеч болуп калаарын эскерте кетели! Бул макалада Василий Дашковдун бир нече мыйзамсыз аракеттеринин айрымдарын тизмектейбиз. Анда сөз башынан болсун...  

Дашков деген ким?

Биз сөз кылып жаткан Василий Дашков 2007-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин, “Кыргыз темир жолундагы” “Мостоотряд” ишканасында иштеп келген. Алгач жетекчинин орун басары кызматына киришип, бир жылдан соң т.а. 2008-жылдан баштап, 2020-жылга чейин жетекчилик кызматты аркалап келген. Эң кызыгы, Дашковдун темир жол тармагындагы адистиги жок, б.а. тармакка тийиштүү иштин аки-чүкүсүн билбейт. Аны жакындан жакшы билгендердин айтымында, бул жетекчи ишканага тийиштүү акчаны кантип өөнөп, сол чөнтөккө кантип кытып  калыштын жолун мыкты өздөштүргөн. Темир жол тармагындагы техникалык жогорку билимдин жоктугуна карабай, тармакта жетекчи болуп иштеп турушу Кыргыз Республикасынын жана КМШ, Балтия өлкөлөрүнүн темир жол уюмдарынын  мыйзамдарына каршы келет. Кесиптештеринин айтуусу боюнча, “Мостоотрядда” жетекчи болуп тургандагы 13 жыл аралыгындагы убакытта бир да жолу пленардык чогулушка, техникалык кеңештерге, текникалык окутууларга, күзгү-жазгы текникалык кароолорго ж.б. у.с. маанилүү иш чаралардын бирөөнө да катышкан эмес. Анан мындай мүнөздөгү адамдын 5 000ден ашык жумушчу эмгектенген чоң ишканага жетекчи болуп дайындалышы - акылга сыйбаган иш. Кудай сактасын, жоопкерчиликсиз мамиледен улам, эл ташыган поезд каттамында коопсуздук чаралары каттала турган болсо, же жүк ташуучу каттам кырсыкка кабылса, мамлекеттин экономикасына оңбогондой зыян алып келээри айтпаса да белгилүү.   

Дашковдун жосунсуз жоруктары...

Василий Дашков жогорудагы белгиленген 13 жыл аралыгындагы эмгек жолунда мамлекеттин акчасынын бир канча бөлүгүн өзүнө кымырып алганга үлгүрдү. Эң кызыгы, байма-бай жазылган арыздардын негизинде, тийиштүү органдар текшерип деле жатышты. Бирок, акчанын күчүнө салып, каржы полициясынын, укук коргоо органдарынын, эсептөө палатасынын капыстан текшерип келген кызматкерлеринин оозун майлаганга маш болуп алган. Керек болсо, текшерүүчү органдар менен дос болуп алып, өзүнө каршы чыккандарга «эмне кылып аласыңар» таризинде шылдыңга алганын көп эле жолу эшиттик. Негизинен Дашков мырза жетекчилик кылып келген “Мостоотряд” башкармалыгы Кыргыз Темир жолу ишканасынын алдында иш алып баргандан кийин, жүргүзүлгөн кыймылдардын бардыгына ишкананын алдында жооптуу болушу керек. Бирок Дашков анткен жок. Бардык ишти өзү билди. Ишкананын балансына кирген имараттын бардыгын капиталдык ремонттон өткөрөм деп, кетүүчү чыгымдарды жогорку баа менен баалап, ашкан акчасын сол чөнтөккө кымырып, ремонт иштерди арзан бүтүрдү. Башкача айтканда, “оңдолду” деген имараттардын “сыртын жалтыратып, ичин калтыратты”. Чыгымдаган акчалардын документтик сметалары факт түрүндө бардыгы сакталган. Эгерде, Дашков “андай эмес, момундай” дей турган болсо, документтик далилдерди алдына тартканга даярбыз. Биз Дашков жеген миллиондорду “жеди” деп гана жалпылаштырып жазып жатабыз. Ар бир сумманы макаланын кийинки сериалдарында майда-баратына дейре тизмектеп жазып чыгабыз. Василий Дашков Темир жол ишканасына жетекчи болуп келе электе эле “Коомчулук коррупцияга каршы” коомдук бирикмесинин төрагасы Манас Кадыров 2019-жылдын август айында эле өзүнүн фейсбуг баракчасына пикирин жазып чыккан. Ал мындайча: “Эгерде Дашков “Темир жол” ишканасына жетекчи болуп келе турган болсо, ишканадан эч нерсе калбайт! Мен муну 9 жылдан бери бул ишканада иштеген адам катары жана бул ишкананы жакшы билген адис катары толук ишенимдүү айта алам” – деп жазган. Манас Кадыровдун айтуусу боюнча, бул берен ар бир сатып алууларды тендерсиз ишке ашырып турган. Демек, өкмөттүн саясатында тендерсиз иш жүрбөй турганын билип туруп жасаган бул аракеттери, мамлекеттин мыйзамын тебелегендикке жатат. Бул биринчиси. Экинчи маселе, тендери жок ишке ашкан аракеттер текшерүү органдарынан кантип өтүп кетти экен? Алар Дашковдун миллиондорду кымырып жеп алганын билип туруп, аны эмнеге ачыкка чыгарышпады экен деген чоң суроо жаралат. Бир эле далил келтирели: Маселен, негизги макулдашуу 5 млн. сом боло турган болсо, кошумча макулдашуулар менен 200 млн. сомго чейин өткөрүп турушкан. Окурман бул фактыларды окуп, “кантип эле ушундай болсун, кудайдын эрке баласы болсо да эмне болуптур” – деши мүмкүн. Дашковдун кылчактабай, коркпой, “камалып кетем” дебей мындай кадамдарга барышынын себеби, ал Атамбаевдин учурунда “КСДП” партиясынын мүчөсү болгондугуна жана Жантөрө Сатыбалдиевдин амирине таянгандыгы менен түшүндүрсөк болот. Ал шаардык кеңешке депутат болуп турганда да, бир топ курулуш иштеринде мыйзамсыз кадамдарга баргандыгын Эсептөө палатасы таап чыккандыгын жана бир канча убакыттар өтпөй ал фактылар да жабылуу бойдон калганын козгой кетели. Дашков жасаган каржы жаатындагы мыйзамсыз иштерин үстүртөн тизмектедик. Эми алдыда анын бүгүнкү күндөгү мыйзамсыз кадамдарына көңүлүңүздөрдү буралы.

Карантинден пайдаланган кадрдык өзгөртүүлөр...

“COVID-19” илдети мамлекетибизде жаңы катталганда, коомчулук алапайын таппай, өлкө башындагылар вирустан кутулуунун жолун издеп, жандалбастап турганда, Дашковго кудай берди. Ал өз саясатын ишке ашырып жатты. “Кыргыз темир жолу” ишканасына директор болуп дайындалаар замат, кадрдык саясатка көңүл буруп, ишканадагы өзүнө жакпаган кадрларды жумуштан алуу менен алек болду. Дашков ишканага директор болуп баргандан бери, тактап айтканда үстүбүздөгү жылдын апрель айынан бери отузга чукул кызматкер эч себепсиз жумуштан алынды. Эскертүүсүз, себеби жок кызматтан кеткен кызматкерлер бүгүнкү күнү нааразы болгондору менен, алардын арызын эч ким укпай жатат. Анткени Дашков, алардын кетүүсүнө ар түрдүү жүйөөлөрдү таап, текшерип келгендерге документтик негиздемелерди даярдап койгон. Эми канча документтик далилдерди пачкалап жыйнап койгон күндө да, жаңы директордун кыска аралыктагы мындай кадамынын “логикасын” түшүндүргөнгө аракет кылалы. Биринчиден, кеткен кызматкерлер ишканадагы дасыккан адистер. Тизмеге көңүл бурсак, бардыгы Дашковго керектүү орундар болуп чыкты. Башкача айтканда, эгер Дашков мыйзамсыз аракеттерге бара турган болсо, ага каршы чыга тургандар ушулар эле. Демек, жаңы директор өзүнүн келечектеги пландары үчүн бул тизмени алдын-ала өзүнө жакын кеңешчилери менен биргеликте даярдаган десек туура болот. Экинчиден, бош калган орундарга жалаң өзүнүн адамдарын алып келди. Ал орундарга тез арада жаңы кызматкерлер дайындалганына караганда, жогоруда биз айткан “алдын-ала пландалган” деген далил туура келди. Эми мунусу бул болду, Дашковдун “кадрдык алмаштыруу шахмат” саясаты дагы деле токтой элек. Тактап айтканда, “бул -мунун кишиси, ал – анын кишиси”                 деген  “оору” Темир жолду азыркы учурда кара булуттай каптап турат. Бүт дүйңө илдеттин айынан дүрбөлөңгө түшүп турган маалда Василий Дашковдун ишканадагы кадрдык мындай саясаты акылга сыйбаган иш. Кызматынан айрылгандар арты кеминде 15, 20 жыл темир жол тармагында эмгектенгендер. Ал эми арты 30, 40 жыл иштеп, эмгек сиңирип койгондор. Жумушсуз калгандардын артында эми мындай суроолор жаралат:

Эмгек кодексте жумуштан кетирүү мыйзамдары кандай каралган?

Кайсыл учурда жумушчу кетүү тууралуу арыз жазышы керек?

Кызматкерди себепсиз жумуштан кубалаган жетекчинин жоопкерчилиги кандай?

Жумуштан кетирүү тууралуу эскертүү канча убакыт мурда айтылышы керек эле?

Аларды кайсы бир себептер менен кетирүү тууралуу ишкана жамаатынын же ардагерлер кеңешинин, же байкоочу кеңештин жыйынын өткөрүшү керек беле?

Кызматтан кеткендердин социалдык акыбалы эске алынышы керекпи, жумуштан кеткендер үй-бүлөсүн кантип багышат? ж.б.

Дашков кимге ишенет?

Мынчалык мыйзамсыз кадамдарга коркпой барган “фигуранын” аркасында сѳзсүз бирѳѳ турушу керек эле. Жок дейли десек, анда бул “серый кардиналды кызматка ким алып барды?! Анын жасаган мыйзамсыз аракеттери башынан ашып турса да, ким колдоп жатат? Ал кимдин кѳлѳкѳсүндѳ күн кѳрүүдѳ? Эсептѳѳ палатасынын, Каржы полициясынын текшерүүлѳрүнѳн жалаң гана акчанын күчү менен кутулуп жатабы?

Тез арада маселенин түйүнүн чечип, коомчулукка жарыялагыбыз келип турат. Кээ бир маалыматтарга караганда, Дашков илгертен мыйзамдуу уурулар менен байланышы бар экенин кабарлагандар бар. Ал эле эмес, маркум Ырысбек Акматбаев менен байланышы бар делип күбүр-шыбыр болуп жүргѳн муфтий Максатбек ажы Токтомушев Дашков директор болуп жаңы дайындалганда барып бата бергендиги тууралуу далилдер бар. Башка мамлекеттик түзүмдѳр менен иши болбогон Муфтий Дашков директор боло калса эле, эмнеге “батакѳй” боло калды экен деген суроо туулат.

Урматтуу окурман, биз мына ушуга окшогон суроолордун түйүнүн макалабыздын кийинки серияларында тактап, аныктап беребиз. Азырынча Дашков тууралуу сиздерге учкай гана жалпылаштырып билдирдик...  

Последние новости