www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин жыйында “КРдин айрым мыйзам актыларына тарыхый, маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу, теле көрсөтүү жана радио уктуруу жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү” жөнүндө мыйзам каралды.

Жыйында депутат Аалы Карашев Маданият министри Азамат Жаманкуловго өздөрүнө шайкеш келген мыйзамды алып келүүнү суранды.

“Мыйзам эл үчүн иштеш керек. Анан юрист айтса эле шайкеш кылам деп алып келип алып, өзүңүздөр сын пикирге кабылып жатасыңар. Депутаттарды деле көрүп жатасыңар. Өзүңөр эле айтып туруп, ушуну кайра иштеп келгенге сунушту кабыл алып кетсеңер жакшы болот эле”,-деди депутат.

Ошондой эле, депутат Аалы Карашев Маданият министрлиги маданият тармагын көтөрүүгө мыйзамдарды алып келиш керектигин кошумчалады.

Аталган мыйзамды депутаттар колдогон жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости