www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин жыйыны болуп жатат. Анда депутат Махабат Мавлянова "Өкмөттүн отчётундагыдай туристтер өлкөгө келе турган болсо, мамлекет өнүгүп кетмек" деген пикирин билдирди.

"Өкмөттүн отчётунда 8 миллиондон ашык турист келген деп маалымат берген экенсиздер. Туура маалыматпы?" - деп сурады депутат.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов анын бардыгы турист эмес, чет жерден келген жарандардын саны экенин айтты. "Ошонун 30-35 пайызы туристтер. 8 миллион чет элдик жаран чек араны басып өткөн деп жазганбыз", - деди министр.

Депутат: "Эмнеге турист келди деп жазгансыздар. Отчёту окуп койбойсуңар. Эгерде ошончо туристтер келсе, Кыргыз өлкөсү өнүгүп, жыргап калбайт беле. Сиз туризмди өнүктүрүү үчүн министр болуп келгенсиз. Туризм багыты боюнча алыгылыктуу иштер болгон жок", - деди Мавлянова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости