www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бабановдун досу мурунку Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин бир тууган инисинин жубайы Алтынай Өмүрбекова Бабановдун «таштак жолу» менен зымырап жүрүп, элдин башына түйшүк түшөөрү менен бутуна жем түшүп кеткен ат сымаал ордунан эңшерилип тура албай калды. Анын ордуна балмуздак жеп чоңоюп, кыргызга боору оорубаган Исмаилова Аида вице–премьерликке келген. Экөө тең Фрунзеде төрөлүшүп, бизнесте торолушуп, «Республика–Ата- Журт» фракциясынан. Бул кызматка келишкени менен, Алтынай Өмүрбекованы кайынагасынын досу Өмүрбек Бабанов кыйшалаңдатып депутат кылса, 2018 –жылдын 20 – апрелинде Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөткө вице –премьер болуп келген. Алтынай Өмүрбекова менен Мухаммедкалый Абылгазиевдин жубайы Чолпон Абазбекова жакын достордон экени тууралуу маалымат беттеринде көп эле жарыяланган. Демек, Бабановдун көздөй адамы Алтынай Өмүрбекова бир учурларда Бабановдун Кыргызстанга келишине «алтын көпүрө» милдетин мойнуна алгандай. Ошондуктан, «подружкасы» Мухаммедкалый Абылгазиевдин жубайы Чолпон Абазбекова менен тарыхий зор өтөлгөсүн 100 пайыз аткарышты. Мындай зор милдетин татыктуу аткарганы менен Алтынай Өмүрбекова вице–премьерликке татыксыз экенин, коронавирус Кыргызстанга кирип келген мезгилде ачыктап койду. Бабанов менен Абылгазиевдин этегине кене сыяктуу жармашып күн көрүп келген Алтынай Өмүрбекованын чечкинсиздигинен бул вирус учурунда ооздукталып, токтотулбай, Кыргызстанды аралап кетти.
Алтынай Өмүрбекованын кызматынан алынышы бул ошол учурдагы туура кадам болгон. Бирок, жоктон тапкансып Исмаилова Аиданы вице-премьерлик кызматка алып келүү бул Мухаммедкалый Абылгазиевдин чоң жаңылыштыгы болду. Кыргызстанда жаман кырдаал түзүлүп, карантин жана өзгөчө кырдаалдар маалында, эл кыйынчылыкта турганда, тайталаңдап элге бөлүнгөн азык –түлүктөрдүн негизинде бизнесин өстүрө турган Исмаилова Аидага окшогон кооз сүйлөп, байлык топтогондон башканы билбеген адамды өтө жооптуу вице –премьерлик кызматка алып келүү Мухаммедкалый Абылгазиевдин өйдө –ылдыйды аңдабаганы. Күрмөк суу ичкен жерден күрүч суу ичпей коймок беле?
Надира Нарматова, Бөдөш Мамырова, Камила Талиева сыяктуу толгон–токой кыргыз кыз–келиндери аткарган кызматын эч кимге таңуулап, мындай кызмат кылдым эле дешип мактанышпай, бийликте барбы жокпу эли үчүн чычала болуп күйүп кетишкендер толтура. Мухаммедкалый Абылгазиев элдин турмуш –шартына, социалдык ал –ахыбалына жооп бере турган вице–премьерди издесе эле өң–таанышына карап, анан өмүр боюу Бишкек шаарында туулуп өскөн адамды бул кызматка койо койот. Алтынай Өмүрбекова менен Исмаилова Аида экөө тең Бишкекте түнкү клубдарда кымбат тамак жеп чоңоюшкан, элдин көрүп жаткан азабына кош көңүл, өз эне тилинде чала моңол сүйлөшүп, «торпоктун» деңгээлинде билишер. Мухаммедкалый Абылгазиевдин социалдык маселелер боюнча орун басары сөзсүз Бишкектен болсун деген мыйзам жок да. Мейли, Алтынай Өмүрбекова өз возуйпасын так аткарып, Бабановдун Кыргызстанга келишин камсыз кылды. Ал эми анын ордуна келген Исмаилова Аида чечкиндүү кадамдарга барса, ушул убакыттан бери эл оозуна алынып калмак. Ал кызматына келе элек жатып, калпты уруп–согуп кошо бермейди парламенттен куп үйрөнүп келгенин тастыктады. Анын элге карап айткандарынын көпчүлүгү элди жоошутуш үчүн айтылган жалган билдирүүлөр экенин эл туйду. Исмаилова Аида өз такымын келе элек жатып өзү жалап, тез аранын ичинде эле эл үчүн тилеги кара, өзү үчүн өгүздөй кара күчү бар экенин далилдеп алды. Анын вице–премьерлик кызматы «бир согумдук» же күзгө чейин экени сезиле баштады. Мейли, күзгө чейин элдин көз жашынан тоюп алсын.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg