www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 3 жылдан бери бир эле талкуу бар. Ал - Райымбек Матраимов. 30 жыл мамлекетти четинен сатып жеген Бабанов, Темир Сариев, аттишти 600 долларга саткан Сапар Исаковдорго окшогон жепжутарлар талкууга алынбай келет.
Алсак, 2019-жылы 15-июнда "Бешинчи канал" "Кыргызстандан изи сууган миллиондор" деген иликтөөсүнө улай өз репортажын көрсөткөн. Репортажды даярдаган журналист Элнура Алканова "Азаттыктын" иликтөөсүндө банктын дүмүрчөктөрү деп көрсөтүлгөн кагаздар дүмүрчөк эмес эле, акча которууга билдирме (заявка) болуп чыкканын айткан. Ошондой эле, репортажды даярдоонун жүрүшүндө банк дүмүрчөктөрүнүн чын же калпын аныктоо максатында атайын эксперимент жасап көрүшкөн.
Анда Али Токтакунов иликтөөсүндө көрсөткөн дүмүрчөктөрдө жазылуу Түркиядагы банкка барышып, ошол банктан Кыргыз өлкөсүнө акча которушкан. Акча которуу учурунда билдирме өз колу менен толтурулуп, транзакциянын аягында дүмүрчөк берилген. Ал дүмүрчөк менен "Азаттык" өз иликтөөсүндө жарыялаган дүмүрчөктү салыштыра келгенде, Али Токтакунов көрсөткөн дүмүрчөктө бир топ грамматикалык жана орфографиялык каталар бар болуп чыгып, баарына ишенбөөчүлүк жаралган. Кызыгы, ошол учурдагы Бажынын башында турган Алмазбек Атамбаев менен Бажынын башчысы Кубанычбек Кулматовдун колу бар экенин бир тири жан кошумчалап жазып, сайрап турган Али айтып койбойт. Ой тообо, чындык деле жок окшойт. Президенттин чыгарган жарлыгына аппарат башчы кол койбогондой эле, орун басар Матраимов, төрага Кулматовсуз күйүп турган шам чыракты өчүрө албаса керек. Матраимов эркек экен, 3 жылдан бери аларды сатпай тилин тишине катып келет.
Чындык жеткенче, калп дүйнөнү аралап өтөт демекчи Матраимовго жазылган калптар дегеле түгөнбөй койду. Алардын катарына жакын арада, жалаяктай жайылган Өмүрбек Субаналиев кошулду. Өктөбүр окуясынан кийин аны УКМК кызматкерлери кууп чыккандан бери Матраимовго асылганы асылган.
А баса, жакында эле Анжелика Дубайдан күйөөгө чыкканын жар салды. Жакшы Райымбек Матраимов Кыргызстанда, болбосо "Матраимов Анжеликага үйлөнүптүр" деген маалыматтар жайнап кетмек экен...
Кудай Матраимовду дагы бир куру дооматтан сактады...Болбосо жакында эле кийимдерин араң эсептеп бүтүштү эле...
Булак: NazarNews.kg