www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда акыркы 3 жылдагы эң курч жана актуалдуу бир гана маселе Райымбек Матраимов тынымсыз бир беткей талкууга алынып караланып келет. Сабыры сайдын ташындай, тепсе термелбей, миңдеген кыргыздын өмүрүнө өмүр тартуулап, пандемия учурунда Кыргызстандын баардык аймактарына калтырбай жардамын берип келе жаткан Райымбек Матраимовду Жаңы Жылы менен куттуктап койолу деп чечтик.

--Райымбек мырза, Сизди бирибиз билип, бирибиз билбей 3 жылдан бери талкууга алып келе жатсак дагы, «эр жигиттин ичине ээр токумдуу ат батат» дегендей бир жолу үн катпай келе жатасыз. Сабырдуулук кылып, Бажынын төрагасы сиз эмес Кубанычбек Кулматовдун атын сатпай, өз башыңызды доого берсеңиз дагы, жолдошуңузду жоого бербей, ким канчалык душмандык кылса да арам ойдон алыс, сабырдуулук кылып калыс болуп, жаманга кол кезебей, Жараткандын ар кандай сыноолоруна шүгүрсүз.  

«Эки эрдин достугу бир белден ашырат, эки элдин достугу миң белден ашырат» демекчи, ошондогу Бажы тармагындагы «кылгылыктын» башында турган Алмазбек Атамбаев менен Кубанычбек Кулматовдун атын бир жолу күнөөлөп айтпай, мамиле жасоодогу сыпайгерчилик бул жакта турсун, алардын баркын түшүрбөй, дооматка калсаңыз дагы жогорудагы эки инсандын эл алдында аброюн төкпөй, күнөөлөбөй, билгенге кыргыз наркындагы сый-урматтын маанисин өтө жогору даңазаладыңыз.

Бир күндөрү Кулматов менен Атамбаевдин кыңыр ишин жаап, баарын өзүңүз мойнуңузга алып үн катпагандыгыңыз үчүн убагы келгенде алар Сизге тизе бүгүп ыраазычылыгын билдирсе керек. …

Алсак кыргызда, «жолборс жолунан кайтпайт» деген кеп бар. Мындан аркы ишиңиз илгери болуп, Кудай колдосун. Сиз кирип бара жаткан калың токойдун жолуна нур түшүп, жолборс жолун берип, жигиттин пири – Шаймерден колдосун! Башкалардан алысты көрө билген аракетчилдигиңиз, кыраакылыгыңыз, айкөлдүгүңүз менен айрымаланып турасыз. Сизге берген элдин баталары кабыл болсун! Үй-бүлөөңүз менен аман болуңуз. Мындан аркы ишиңизге Аллахтын назары түшсүн! Кирип келе жаткан Жаңы жылыңыз менен! 

Аны менен бирге эле жыгылганды теппейт деген кыргыздын сөзү бар, учурдан пайдаланып Алмазбек Атамбаев менен Кубанычбек Кулматовду Жаңы жылы менен куттуктаймын. 

Гүлжан Шерипбаева, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости