www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында тажиктер окоп казып, кыргызстандык жашоочуларга коркунуч жаратууда. Мындай билдирүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев парламенттин жыйынында айтты.
Эл өкүлү ага жергиликтүү тургундар чалып, тынчсызданып жатканын белгиледи.
"1990-жылы биринчи чоң кол салуу Чоң-Алайда болгон. Азыр дагы ушундай коркунуч жаралууда. Өкмөт башчы Улукбек Мариповду чакырып ушул боюнча маалыматын угалы, тез арада чечим кабыл албасак болбойт", — деди Бердиев.
Мындан улам төрага Талант Мамытов министрлер кабинетинин ЖКдагы өкүлү Алмасбек Абытовго маалыматты тактап берүүнү тапшырды.
Деген менен Чоң-Алай районун акими Өскөнбай Мамажакыпов депутаттын билдирүүсүн төгүнгө чыгарды.
"Учурда кырдаал туруктуу. Ал жерде делимитация, демаркация боло элек, такталбаган 1010 гектар жер бар. Аны негизи кыргыз тарап жайыт катары пайдаланып келген. Бүгүнкү күндө ал жакка мал өтө баштаганда Тажикстандын аскерлери кармап алган. Эки тараптын чек ара заставаларынын башчылары сүйлөшүп, мал ээлерине кайтарылууда. Сүйлөшүүнүн негизинде такталбаган аймакка кирбей туруу макулдашылды. Ал жерге тажик аскерлери көзөмөл жүргүзөбүз деп келишкен. "Тажик тарап техникасын алып келип, окоп казыптыр" дегендин баары жалган", — деди аким.
Аны менен катар Чек ара кызматы билдирүү таратып, саат 12:30га карата абал туруктуу экенин кабарлады. Кечээ, 18-майда, Унжу-Булак аймагында эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын Ош облусу жана Ляхш району боюнча өкүлдөрү жолугушкан. Жайынтыгында "Кыргызстандын да, Тажикстандын да аскерлери Унжу-Булак аймагындагы чек ара такталганга чейин көзөмөл жүргүзбөйт" деген бүтүмгө келишкен. Биргелешкен кайгуул жүргүзүү тараптардын макулдашуусу менен ишке ашырылат.
Азыркы тапта Чоң-Алай районундагы чек ара бөлүмү штаттык режимде иштеп жатканы белгиленди.
Булак: NazarNews.kg