www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала качуу билим берүү жаатында да эң көйгөйлүү маселе. Кыргызстанда 7-9-11-класстын кыздарын ала качкан учурлар катталган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн тегерек столдо билдирди.

Министрликтин өкүлү окуучулар арасында зордук-зомбулук темасы боюнча сынак, иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп жатканын айтып, алардын укуктарын коргоого багытталган сабактар эми 5-класстан тарта өтүлө баштаарын белгиледи.

«Окуучу кыздарды ала качкан терс көрүнүштөрдөн кийин 2011-жылы анализ жасалып, мектепти бүткүчө баланын кол тийбестиги боюнча Балдар кодексине, кийин мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген. Ошондон кийин мындай жат көрүнүш азайгансып калды. Бирок пандемия шартында кыздар зордук-зомбулукка дагы эле кабылып жатат. Кыздарга кошунасы, өгөй атасы эмес, өз атасы, бир туугандары, чоң атасы кол салган учурлар катталууда. Мындан улам мектептеги стандарт болуп калган программага да өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз.

Мисалы, «Адам жана коом» деген сабак мурда 10-класстан баштап кирсе, эми 5-класстан тарта өтүлө баштайт. Себеби бала өз укугун билип чоңоюшу керек. Ата-энелери балдарын туугандарына, тааныштарына таштап коюп чет өлкөгө иштөөгө кетип жатат. Мындай учурда балдардын укугу тебеленип, зомбулукка кабылууда. Биз балдарды сактап калышыбыз керек. Ошол себептен мындай тарбиялык сабактарды программаларга эрте эле киргизүүдөбүз», — деди Абдылдаева.

Ал сексуалдык зомбулукка кыздар эле эмес, эркек балдар дагы кабылып жатканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости