www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Анжиянда мыйзамсыз жер саткандар тууралуу айтып чыккан депутат прокурордун сунушу менен кол тийбестигинен ажыратылды. Бул тууралуу Олий Мажлистин мүчөсү Расул Кушербаев «Телеграм» каналына жазды.

Анын айтымында, Анжиян шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында укук коргоо органдары «Депутаттык кол тийбестик тууралуу» мыйзамды бузуу менен эл өкүлдөрүн тинтүүгө алышкан.

Андан соң жыйындын катышуучулары жер саткандар тууралуу айтып чыккан депутатты жергиликтүү прокуратуранын сунушу менен кол тийбестигинен ажыратышкан.

«Кол тийбестигине карабастан тинтүүгө буйрук берген кишилер жер саткандар менен бирге болуп, депутатты кол тийбестигинен ажыратып, түрмөгө каматууну каалап жатышат окшойт», — деп жазды Кушербаев.

Human.uz сайты бул тууралуу адвокат Саидали Мухторалиевдин макаласын жарыялады. Анда кол тийбестиктен ажыратылган депутат Ш. Каримов экени көрсөтүлгөн.

«Жыйындын күн тартибинде бир гана маселе болгон. Ал акимдин мыйзамсыз чечимдерине каршы чыгып, Анжиян шаарынын прокурорун аттестациядан өткөрүүнү талап кылган депутатты кол тийбестигине ажыратуу», — деп жазылган макалада.

Мухторалиевдин айтымында, 17-майдагы шаардык кеңештин жыйынында Анжияндын прокурору депутат Каримовду кол тийбестигинен ажыратуу тууралуу сунуш берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости