www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан менен Кыргызстан чек араны тактай башташты, бул бүткүл постсоветтик мейкиндик үчүн иштин жакшы үлгүсү, деп билдирди Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

«Биз кечээ эле Тажикстан менен Кыргызстан чек ара маселесин талкууладык. Акыркы жаңжалдын ысык фазасы артта калганы бизди абдан кубандырды, бирок эң негизгиси өлкөлөр делимитация жана демаркациялоо ишин башташты», - деди Лавров Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы менен сүйлөшүүлөрдөн кийин.

Министрдин айтымында, бул чек аралар тактала элек жана мыйзамдуу түрдө коопсуз болбогон бүт постсоветтик мейкиндик үчүн абдан жакшы мисал. Апрель айынын аягында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарынын жашоочуларынын ортосундагы жаңжал эки өлкөнүн аскер күчтөрүнүн куралдуу тирешүүсүнө айланды.

Кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосундагы кагылышуу алты сааттан ашык убакытка созулган.

Эске салсак, Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган. Аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости