www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам долбоору банктардын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн мөөнөттөрүндөгү карама-каршылыктарды жоюуга жана практикалык ишке шайкеш келтирүүгө багытталган.

Демилгечилердин айтымында, ушул максатта «КРнын Улуттук банкы, банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзамынын 100-беренси жана 101-беренесине айрым түзөтүүлөр сунушталууда. Тактап айтканда, директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн иштөө мөөнөтү 5 жылдан 4 жылга чейин кыскартылат.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар мыйзам долбоорун колдоо менен бирге Улуттук банкты каржылык сабаттуулукту жогорулатуу максатында калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө чакырды. Берилген насыялары боюнча пайыздык ставкалар 30-40 пайызга жетип, керектөөчүлөр үчүн оор жүк болуп жатканын белгилешти. Ошондон улам ставкалардын деңгээлин мамлекеттик жөнгө салуу зарыл дешет депутаттар.

Андан тышкары депутаттар Улуттук банкка коронавирус илдетине байланыштуу төлөө жөндөмдүүлүгү төмөндөп кеткен керектөөчүлөрдүн укуктарын натыйжалуу коргоо үчүн каржылык-кредиттик уюмдарга көзөмөлдү күчөтүүнү сунушташты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости