www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбековдун парламенттеги кайрылуу сөзү боюнча саясатчылар, коомдук ишмерлер өз пикирин билдире баштады. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков мамлекет башчынын айткандарына толук кошуларын, бирок, реалдуу иштер жүрбөй жатканын белгиледи.
- Акаев, Бакиев, Атамбаев дагы ушундай сөздөрдү айткан. Адилеттүү өлкө курабыз, тармактарда реформа башталат деп. Жээнбековдун келгенине бир жылга жакындап калса дагы камоолорду кошпогондо реалдуу кадамдар жок болуп атат. Эгерде реформа жүрбөсө камоолор менен өлкөнү көтөрө албайбыз. Сот органдарында реформа болбосо өзү айткан камоолор “саясий өч алууга” айланып кетет. Азыр дагы ишенич бар, сөздөн ишке өтүш керек, - деди саясатчы.
Бүгүн парламентте президент Сооронбай Жээнбеков коомчулукка жана депутаттарга кайрылып, сөз сүйлөдү. Акыркы жылдар өлкөнүн коомдук, саясий-экономикалык турмушундагы маанилүү өзгөрүүлөрдүн мезгили болгонун, бирок жетишкендиктерге карабастан учурдагы абал өзгөрүүлөргө муктаж экенин айтты.
"Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшкө жамынып алып саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбейт" деди.
Булак: NazarNews.kg