www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2018-жылдын 23-июнунда Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу Кара-Алма айыл аймагында жайгашкан "Алтын-Балалык" балдардын эс алуу борборунун базасында 2018-жыл "Региондорду өнүктүрүү жылына" карата Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитети жана Жалал-Абад шаардык жаштар комитети менен биргеликте шааркомдун алдында түзүлгөн “Жаштар Кеңешинин” иш планына ылайык жаш мугалимдерге "Жайкы мектеп-2018" темасындагы иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чарага шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев, шааркомдун төрагасы К.Акунов, Обкомдун инспектору А.Айдаров, Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Б.Ташбаев, Сузак райкомунун Жаштар Кеңешинин төрайымы менен Көк-Жаңгак шааркомунун Жаштар Кеңешинин төрайымы, ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы "Кыргызстан" коммерциялык банкынын менеджери М.Ибраимов баштаган кызматкерлер, жаш мугалимдер жана массалык-маалымат каражаттары катышышты.
Иш-чаранын 1-бөлүгүндө Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы К.Акунов иш-чараны ачып катышуучуларга ийгиликтерди каалады. Жалал-Абад шаардык Мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Б.Ташбаев шаардагы жаштар менен аткарылып жаткан иштер жана алдындагы милдеттер жөнүндө маалымат берди. “Кыргызстан” банкынын жооптуу кызматкерлери жаштарга жана жаш үй бүлөөлөргө берилүүчү жеңилдиктер жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу билдирүү жасашты.
Жалал-Абад Обкомунун инспектору А.Айдаров КРнын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин Жаштар Кеңештеринин ишмердүүлүгүн уюштуруу жөнүндөгү усулдук материалдар менен тааныштырды.
Жалал-Абад шааркомунун алдындагы Жаштар Кеңешинин төрагасы М.Мамасыдыков шаар аймагындагы жалпы билим берүүчү мекемелерде баштапкы профсоюз уюмдарда түзүлгөн Жаштар Кеңештеринин иштери жөнүндө маалымат берди.
Иш-чаранын 2-бөлүгүндө Шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинети тарабынан даярдалган “Жаш мугалим – устатыңдай бол” темасында усулдук иш-чараны Окуу-усулдук кабинетинин башчысы А.Арапбаев баш болгон усулчулардын катышуусунда өткөрүлүп, катышуучулар кесиптик сурамжылоо баракчасы аркылуу өздөрүнүн ой-пикирлерин билдиришти.
Иш-чаранын 3-бөлүгүндө маданий эс алуу иш-чарасы болуп, катышуучулардын маанайын жогорку деңгээлге өтүп, жыйынтыгында Ы.Калчаев, К.Акунов, Б.Ташбаев, Обкомдун инспектору А.Айдаровдордун катышуусунда сертификаттар тапшырылып, жаштарга жакшы каалоо тилектер айтты.
Маалыматты даярдаган: Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин алдындагы Жаштар Кеңешинин төрагасы Максат Мамасыдыков.
Булак: NazarNews.kg