www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек–Ош унаа жолунун 264-чакырымында (Өрүктүү тилкеси) болгон. 8 адам бара жаткан «Хонда Степ» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып, Чычкан суусуна түшүп кеткен. Андагы жүргүнчүлөрдүн ичинен 6 адам Токтогул райондук ооруканасына жеткирилди.
Жол кырсыгында 25-30 жаштагы аял кишинин өздүгү аныкталбай жатат. 1 жарым жаштагы эркек баласы аман калган. Апасы моргдо, баласы аябай ыйлап жатат. Тааныгандар болсо жардам бергиле. Такталбаган мааламыттарга караганда, Оштук деп жатышат. Тааныгандар болсо Токтогул РИИБне кайрылып койсоңуздар болот. Байланышы телефону; 03747 50105. Мындай билдирүүнү Фейсбук колдонуучу Гүлзар Карагулова билдирди.
Эске сала кетсек, 26-июнда Токтогул районундагы унаа кырсыктан 6 адам жабыркап, дайынсыз жоголгон 2 адамдын денеси табылган.
Булак: NazarNews.kg