www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир күн мурун президенттикке болгон жарыштын учурдагы лидери Садыр Жапаров Ала-Тоо аянтында тарапташтарына кайрылуу жасаган. Анын айтымында, инаугурациядан кийин калган талапкерлерди жолугушууга чакырууну пландаштырган. Равшан Жээнбеков жолугушуу боло турган болсо, ага карата оң мамилесин билдирди. Бул тууралуу ал жергиликтүү ММКлардын бирине маалымдаган.

"Менимче, бардык талапкерлер жолугушуусу керек. Бул дүйнөлүк практика. Шайланган президент оппоненттерин чакырып, сый-урмат көрсөтүүсү, бул жакшы саясий маданият. Жолугушууда айтылган айрым сунуштарды угушу мүмкүн. Ошондой эле, кааласа, өзүнүн идеясын колдогондорду командасына тартып алат. Мен бармакмын жолугушууга. Бул нормалдуу көрүнүш”,- дейт Жээнбеков.

Жапаровдун командасына кошулууга макулсузбу деген суроого ал эки ача жооп берди.

“Азырынча так билбейм. Бул менин көз карашыма, принциптериме, өлкөдөгү экономикалык жана саясий кырдаалга байланыштуу болот, жана ошондой эле, ар кандай бир кырдаалда анын мага болгон муктаждыгынан көз каранды”,- деп жооп кайтарган Жээнбеков.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости