www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 11-январында индиялык тараптын демилгеси менен Элчиликте Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусовдун Индиянын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Маниш Прабхат менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу элчиликтен билдирди.

Ибрагим Жунусов М.Прабхатты жаңыдан дайындалышы менен куттуктап, Өзбекстандагы мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-индия кызматташтыгынын абалы жана перспективалары тууралуу пикир алмашып, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык чөйрөдө жана эл аралык уюмдардын алкагында учурдагы кызматташуу маселелерине токтолушту.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда тыгыз кызматташтыктын улантыларына ишеним билдиришти.

Өз кезегинде Индиянын элчиси кезексиз президенттик шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү жана Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктады.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости