www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ жаңы шайланган президент ДЖо Байдендин 20-январда өтө турчу инаугурациясына Россияны расмий түрдө чакырды. Бул тууралуу РИА Новостиге Россиянын Вашингтондогу элчилигинен кабарлашкан.

--"Чакыруу алдык. Инаугурацияга элчинин катышуусу ыктымал", - дешкен дипмиссиянын өкүлдөрү.

Негизи президенттин инаугурациясына  чет өлкөлүк элчилер катышчу. Бирок башында иш-чара тар чөйрөдө өтөрү айтылып, салтанатка конгресстин мүчөлөрү жана алардын коноктору эле чакырылганы маалым болгон. Мындан улам дипломаттарга орун табылар-табылбасы белгисиз болуп жаткан.

Эске салсак, 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгында демократ Жо Байден шайлоочулардан көп добуш алып, жеңишке жеткен. Ал эми анын атаандашы АКШнын учурдагы башчысы Дональд Трамп аз добуш алып калган. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости