www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
8-марттагы маршка аялдардын укугун коргоо максатында катышып, түрдүү сынга кабылган Равшан Жээнбековду кепке тартып, аларга коюлган дооматтардын чын бышыгын билүүгө аракет кылдык.
-Равшан мырза, коомчулуктун сынына кабылткан маршка кандайча барып калдыңар?
-Бул марш аялдардын, кыздардын укугун коргогон, жана 8-мартты белгилеген марш болмок. Ошон үчүн Рита Карасартова, Өндүрүш Токтонасыров жана Эдил Байсаловго окшогон саясатчылар менен, граждандык коомдук өкүлдөрү барганбыз. Биз ал маршка гейлерди колдоп эмес, кыздардын билимдүү болушун, үй бүлөлүк зомбулукка каршы турушун колдойбуз жана айыл жериндеги келиндердин абалын коомго жеткирели деген максатта катышканбыз. Ал жерде гейлердин бар экенин чыны менен билген эмеспиз. Чынында аларды кошуп алган же маршка чакырылгандарга алар тууралуу маалымат бербеген уюштуруучулардын катачылыгы. Уюштуруучулар ал жерде башка ориентациядагы адамдар болот дегенде мүмкүн биз дагы барардан мурун ойлонот болчубуз.
-Равшан мырза, билбей бардык дедиңиз. Эмне үчүн туура эмес. Оринтациясы башка адамдардын жүргөнүн көргөндө кетип калган жоксуңар?
-Мен ал жерде туура эмес адамдар жүргөнүн байкаган да, көргөн да жокмун. Мен алардын көтөргөн плакаттарын окуган да эмесмин. Басып баратканда мага өөн учураган “Байпагыңарды өзүңөр жуугула. Чай куюп бербейбиз” деген сөздөр айтылып жатты. Мен толеранттуу сабырдуу адаммын. Менин жанымда кимдир бирөө мага өөн учураган сөздөрдү айтып жатса, ал сөздүн мага тиешеси жок болсо, мен эмне үчүн аны тиктешим керек же анын оозун жабышым керек. Менин укугумду кайсы бир адам кыймылы менен же сөзү менен бузбаса, мен эмне үчүн аны баса калып, урушушум керек. Сабырдуу, толеранттуу болгонум үчүн унчуккан жокмун, басып кете бердим. Алардын плакаттарын кеткенден кийин үйгө келгенде социалдык тармактарга жазып чыгышканда көрдүм.
-Сиздерди гей парадга барып алып, эми актанып жатышат дегендер да чекеден чыга баштады го?..
-Мен өзүмдүн билгенимди айттым. Мен андай гейлер аралашкан парад экенин билген эмесмин. Мага эч ким тийишкен жок. Мен эч кимге тийишкен жокмун. Мени эч ким жамандаган жок. Мен эч кимди жамандаган жокмун.
-Неге сизди, Рита Карасартованы, Эдил Байсаловду гейпарадга жармаштырган каралоо күч алып кетти?
-Кыргызстанда ар кандай көз караштагы адамдар бар. Бирок, эң күчтүүсү караңгы улутчулдук көз караш. Учурда диний жана орустардын таңуулаган көз карашы да жетиштүү деңгээлде. Ушул көз караштардын баарына каршы турган демократиялык көз караш жалгыз болуп калды. Жогоруда санаган көз караштар демократиялык көз карашты мүмкүн болушунча басмырлаганга, жеригенге, колдорунан келишинче кууп чыкканга аракет кылып жатышат. Кыргызстанда көз караштардын, позициялардын карама каршылыгы агрессия аркылуу демократиялык көз карашка болушунча басым жасоого аракет кылып жатышат. Бирок, демократиялык көз карашка каршы чыгып жаткан көз караштар кыска жана перспективасы жок, алыска баралбай турган көз караштар деп ойлойм. Алардын күчтүү идеялары жок. Ошондуктан, алар кыйкырып, ыплас сөздөр менен сөгүп, жаман атты кылышкандан башка эч нерсе кыла алышпайт.
-Америкалык көз караштагы саясатчыларды чектеш үчүн, элге жек көрсөтүү максатында гей парад уюшулдубу?
-Мен айтпас элем биз кандайдыр бир деңгээлде саясатчы катарында граждандык коомдун өкүлдөрү катарында мамлекетке аябагандай чоң сокку жасайбыз деп. Биздин социалдык базабыз, электоратыбыз, бизди колдогон адамдар Кыргызстанда анча деле көп эмес. 5-10 пайыздын тегерегинде гана болушу мүмкүн. Улуттук коопсуздук кызматы деле бизди коомго, мамлекетке коркунуч жаратат дебесе керек. Бизге караганда, диндин өкүлдөрү жана караңгы улутчулдар жана орусчул көз караштагылар аябагандай күчтүү. Ушул үч көз карашка биз баары бир карама-каршы тура албайбыз. Ошондуктан, граждандык коомго коркунуч жаратпайбыз. Бирок, ушул процесстин аркасында тыюу салууларды, жаңы мыйзамдарды Кыргызстанга таңуулоо гейлер аркылуу жаман атты кылуу болушу мүмкүн. Кечетен бери орустарды туурап, чет элдик агенттер деген мыйзамды кабыл алыш керек деген маселе көтөрүлө баштады. Ошондой эле бейөкмөт уюмдарды да көзөмөлгө алышыбыз керек деген сөз кечээги чуру-чуу аркылуу, коомду коркутуп, жаңы бир эрежелерди таңуулоо аракети башталганы байкалып калды.
-Рита Карасартова ал жерде 500дөй адам болгонун айтты. Атайын кызматтын өкүлдөрү үчөөбүзгө гана басым коюп, үчөөбүз гана баргандай таасир калтырды деп жатат го?
-Рита Карасартованын да бир чындыгы бар. Бүгүнкү күндө Рита Карасартова, мен, Өндүрүш Токтонасыров бийликке сын айткан граждандык коомдун өкүлдөрүбүз. Мүмкүн ушул жагынан өч алуу жаман атты кылуу саясатына туура келип жатса керек. Азыркы күндө динчилер улутчул жана орусчулдар, бийликтин тегерегиндегилер дагы колдорунан келишинче бизди жаман атты кылууга аракет кылып жатышат.
-Сиздерди Кыргызстандын жарандуулугунан ажыратуу чыгып жатат го. Ал боюнча недейсиз?
-Бүгүн биздин коомдо аябагандай чоң дискуссия жаралды. Бир жагынан коомдо аябагандай чоң конфликт бар экени көрүндү. Ал конфликтте демократия менен адам укугу бир тарабында. Динге берилгендер жана улутчулдар бир тарапта болуп калды. Мына ушул чоң конфликт жана дискуссия кандай багытта кетет ал ушул дискуссияга аралашкандарга жараша болот. Эгерде биз агрессияны аралаштыра турган болсок, бири-бирибизге ыплас сөздөрдү айтсак чоң конфликт башталат. Ал эми бул нерсени коомдо маанилүү маселе катары карап, дискуссия жарата турган болсок, анда саясий маданияттуулугубузду көрсөтөбүз. Мындай чатактар, мындай конфликттер бардык эле коомдо пайда болот. Коом ар кандай кабыл алат. Кээ бирлер конфликт катарында кээ бири дискуссия катарында кабыл алат. Биздин саясатчылар, жаштар, коомчулук ушул нерседен сабак алып, колубуздан келишинче оор талкуудан туура жол таап чыкканга, мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгына жооп бере турган жол табууга аракет кылышыбыз керек. Бул жерде маселе чечүүдө агрессия менен ыплас жаман сөздөр жардамчы болоалбайт. Кандай маселе болсо да, маданияттуу болгонго аракет кылышыбыз керек. Анткени, саясатта, турмушта дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде сабырдуулук жана толеранттуулук, саясий маданияттуулук деген аябагандай маанилүү.
-Агрессияга алдырып, катуу сүйлөгөн адамдардын жагымсыз сөзү сизге сокку болгон жокпу?
-Албетте, мен үчүн бир топ оор болду. Сокку болду. Жеке үй бүлөмө, бала-чакама, ата-энеме чейин асылып жатышат. Кээ бир убакта ачуум менен мен деле катуу сөздөрдү аларга тийишип эмес, жооп берүү иретинде айтып коюп жатам. Бирок, колумдан келишинче маданияттуу жооп бергенге сабырдуу болууга аракет кылып жатам. Ачууга алдырбай жаштарга жол көрсөтүп, сабырдуу болуп, маселени дискуссия жолу менен чечүүгө аракет кылышыбыз керек.
Чынайым Кутманалиева, “Ачык саясат”