www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык кан борборунда коррупциялык схема токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык кан борборунда коррупциялык схеманы аныктады.

Тактап айтканда, КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык кан борборунун мурдагы директору 1972-ж.т. К.Б.Б. (2012-жылдан 2025-жылдын август айына чейин кызматта болгон) 2020-жылы «М» ЖЧКсынын жеке менчик компаниясынын жетекчиси менен алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, бюджеттик каражаттарды өзгөчө ири өлчөмдө чыгарып кетүү максатын көздөп, алар РКБга кымбат баалуу медициналык жабдууларды (Cobas S201 маркасындагы пцр-лабораториясын жана ARCHITECT Plus жана ABBOTT маркасындагы ихла-лабораториясын орнотушкан.

Медициналык жабдуулар орнотулгандан кийин экс-директор К.Б.Б. Республикалык кан борборуна ПЦР жана ИХЛА лабораториялары үчүн керектүү реагенттерди жеткирүү боюнча «М» ЖЧКсы менен келишим түзгөн. Аталган компания 5 жыл бою реагенттерди жогорулатылган баада жеткирип турган. Ал эми «откат» катары алынган каражаттын белгилүү бир бөлүгү директор К.Б.Б.га берилип турган.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык кан борборунун 2020–2025-жылдар аралыгындагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында тергөө тарабынан мурдагы директор К.Б.Б. жана жеткирүүчү «М» ЖЧКнын аракеттеринен мамлекетке 36 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды.

2026-жылдын 5-мартында аталган кылмыш ишинин алкагында Республикалык кан борборунун мурдагы директору К.Б.Б. КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ал эми «М» ЖЧКсынын жетекчисинин аракеттерине тергөөнүн жүрүшүндө укуктук баа берилет.

Аталган кылмыш иши боюнча коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

 

Последние новости