www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чемпиондор Лигасынын тайпалык этабынын экинчи турунун матчында беттешкен Италиянын «Ювентус» командасы Испаниянын «Барселона» командасына өз үйүндө жеңилди.

Туринде өткөн «G» тайпасынын жолугушуусу 2:0 эсеби менен аяктады. Голдорду Усман Дембеле (14-мүнөт) жана Лионель Месси (90 + 1, пенальтиден) киргизишти.

«Ювентустун» чабуулчусу Альваро Моратанын (15, 30 жана 55) үч жолку тепкен голу офсайддан улам жокко чыгарылды. Бардык эпизоддордо офсайд позициясы катталды.

Белгилей кетсек, «Ювентустун» чабуулчусу Криштиану Роналду оюнга коронавирус жуктуруп алганы үчүн катыша алган жок. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости