www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистан Кыргызстандын медицина тармагындагы бардык жогорку окуу жайларын кара тизмеге киргизди. Бул туурауу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлап, 29-октбярда министр Алмазбек Бейшеналиев аталган окуу жайлардын ректорлору менен жолугушуу өткөрдү.

Медицина тармагындагы окуу жайлардын кара тизмеге киргизилиши Кыргызстанда окуп кеткен пакистандыктардын дипломдорунун өз өлкөсүндө таанылбай жатканы менен түшүндүрүлдү. Ошондой эле алардын 90% Пакистан медициналык кеңешинин милдеттүү сынагынан өтө албай жатышат.

Министрлик бул кырдаалды КРнын жана чет өлкөлүк жарандардын даярдыгынын төмөн сапаты менен байланыштырат.

Ошондой эле, медицина тармагында чет өлкөлүк студенттерди сапаттуу даярдоо ЖОЖдордун кызыкчылы болгонуна карабай, алардын көпчүлүгүнүн эл аралык аккредитациядан өтпөгөнү айтылды.

Бул жагдай инвестициялык климатка, аны менен катар билим экспортуна терс таасирин тийгизгендиктен, мындан ары министрлик тарабынан ЖОЖдордун ишмердүүлүгүнө, өзгөчө, медициналык окуу жайларга болгон лицензиялык көзөмөл күчөтүлөт.

Муну менен катар, жалпы көрсөткүчтү көтөрүү максатында, министрлик пакистандык студенттерге болгон кабыл алуу талаптарын катаалдаштырууга чакырды.

Ошондой эле, Пакистан, Индия жана башка өлкөлөрдөн келген студенттердин көйгөйлөрүн чечүү;

Билим берүү деңгээлин көтөрүү үчүн бардык чараларды көрүү жана Эл аралык аккредитациялардан өтүү тапшырмалары коюлду. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости