www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясында байланыш тармагын жөнгө салган мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Жаңы кабыл алынган документке ылайык, байланыш операторлору президенттин нормативдик-укуктук актыларында белгиленген учурларда Улуттук коопсуздук органдарынын (ФСБ) талаптарынын негизинде байланыш кызматтарын убактылуу токтотууга милдеттүү болот.

Мыйзамдын мурдагы версиясында байланыш кызматтарын токтотуу “жарандарды жана мамлекетти коопсуздукка жаралган коркунучтардан коргоо максатында” жана президент менен өкмөттүн актыларына ылайык жүргүзүлөрү көрсөтүлгөн. Жаңы редакцияда “сурам” деген түшүнүк “талап” деп өзгөртүлүп, өкмөт жана коопсуздук коркунучтары тууралуу так белгилөө алынган. Бул өзгөртүү мыйзамдын колдонулуш чөйрөсүн кеңейткени тууралуу талкууларды жаратты.

Айрым телеграм-каналдар жана интернет булактар бул мыйзам 1-апрелден тарта Telegram мессенжерин толук бөгөттөөгө негиз болушу мүмкүн деп жазышууда. Бирок азыркы учурда Россиянын расмий органдары Telegram платформасын белгиленген датада толук жабуу тууралуу расмий чечим кабыл алганын же жарыялаганын билдире элек.

Белгилей кетсек, Telegram буга чейин да Россияда блоктоого кабылган. 2018-жылы мессенжерге карата чектөө киргизилген, бирок ал толук ишке ашпай, кийин расмий түрдө алынып салынган. Азыр Telegram платформасын мамлекеттик органдар, медиа түзүмдөр жана коомдук ишмерлер активдүү колдонуп келишет.

Эксперттердин пикиринде, толук бөгөт коюудан көрө айрым функцияларды чектөө же белгилүү каналдарга чара көрүү ыкмасы көбүрөөк колдонулушу мүмкүн. Ошол эле учурда медиа жана санариптик саясат ылдам өзгөрүп жаткандыктан, кырдаал мындан ары кандай нукта өнүгөрү расмий чечимдерге жараша болот.

Учурда Telegramди 1-апрелден тарта толук жабуу тууралуу маалымат расмий деңгээлде тастыктала элек.

Последние новости