www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиядан жооп:

Россия «Күтүлбөгөн жерден Украинаны басып алат» деп айтылгандарга каршы: «Батыштык өлкөлөрдүн жетекчилери жана медиасы Украинанын айланасындагы жасалма чыңалууну күчөтүү үчүн кутум уюштура баштады», - деп билдирди.

Россиянын тышкы иштер минитрлигинен берилген маалыматта: «Россиянын коопсуздук кепилдиги тууралуу мыйзамдуу талаптарын жок кылуу үчүн Москвага каршы координациялуу маалыматтык чабуул болуп жатат. Батыштык өлкөлөрдүн жетекчилери жана медиасы Украинанын айланасында жасалма чыңалууну күчөтүү үчүн кутум уюштура башташты»,- деп билдирилди. Ошол эле учурда Кремль Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Байдендин ортосунда бүгүн кечинде телефон аркылуу сүйлөшүүнүн пландалгандыгын жарыялады.

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков АКШ тарабынын талабы боюнча Путин менен АКШнын президенти Жо Байдендин ортосунда 12-февраль күнү кечинде телефон аркылуу сүйлөшүүнүн пландалгандыгын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости